Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

Белгороддо жума күнкү чабуулда бир адам мерт болгону кабарланды


Ушул жылдын жаз айларынан бери Орусиянын бир катар аймактарына күн сайын дрондор менен чабуул жасалып жатат.
Ушул жылдын жаз айларынан бери Орусиянын бир катар аймактарына күн сайын дрондор менен чабуул жасалып жатат.

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков жума күнкү дрондор менен жасалган чабуулда бир тургун мерт болуп, дагы 11 киши жараат алганын билдирди.

Ал кийинчерек Телеграм-каналына Устинка айылы да бутага алынганын, үч адам жарадар болгонун жазды.

Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев дрон чабуулунда жер тамдар жабыркаганын, жараат албагандар болбогонун кабарлады.

Бул билдирүүлөрдү согуш маалында бейтарап булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Ушул жылдын жаз айларынан бери Орусиянын бир катар аймактары, негизинен Украинага жакын облус-шаарларына күн сайын дрондор менен чабуул жасалып жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги анда жарандык инфраструктура жабыркап, жайкын тургундар мерт болгонун, жараат алганын кабарлап келет. Киев адатта бул билдирүүлөргө комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG