Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Сот жети журналистти актап, экөөнө пробациялык жаза берди


Кылмыш иши козголгон 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.
Кылмыш иши козголгон 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов коомчулукта 11 журналисттин иши деген ат менен белгилүү иш боюнча өкүм чыгарды.

Сот Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Акыл Орозбековду, Жумабек Турдалиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиевди жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен актады. Судья чечиминде алардын иш-аракетинде кылмыштын курамы жок экенин белгиледи.

Сот ушул беренелер менен айып коюлган Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылдан пробациялык жаза берилди. Алар сот залынан бошотулду.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырышкан.

Кармалгандан тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева камакта болчу. Калган жетөө апрелде үй камагына чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG