Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Депутат Ормонов Армениядан ташылган автоунаалар маселесин көтөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Армения, Абхазиядан алып келинип, Кыргызстанга кирген автоунаалар тууралуу маселе көтөрдү. Ал 10-октябрдагы парламент жыйынында машинени экинчи, үчүнчү колдон сатып алган жарандар кыйналып жатканын белгиледи. Эл өкүлү унааны өлкөгө киргизип, катоого алган мамлекеттик мекемелерди жана кызматкерлерди жоопко тартууну сунуштады.

"Акыркы убактарда Бажы кызматы 3-4 жыл мурда кирген автоунаалар боюнча катуу иш алып бара баштады. Үчүнчү, төртүнчү кожоюн болуп жүргөн жарандардын унааларын токтотуп, туура эмес катталган, Армениядан, Абхазиядан келиптир деген иштер башталыптыр. Негизги күнөө Бажы менен Чек ара кызматында. Кийинки колдон сатып алган элде эмне күнөө? Азыр аны сатып алган жөнөкөй кишилер автоунаасын алдырып коюп чуркап жүрүшөт. Экспертиза, тергөө болуш керек деп жатышыптыр. Биринчи кезекте өздөрүнүн кызматкерлерин жазаласын. Ал машине кантип кирди, "Унаа" мекемеси кантип каттады? Бул чоң маселе".

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бир топ жарандардан кайрылуу түшкөнүн, тийиштүү мекемлердин маалыматын угуу зарыл экенин белгиледи.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык Абхазиядан убактылуу алып келинген автоунааларды башка бирөөгө берүү жана ишеним кат менен сатуу мыйзамсыз. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Бир жылдан кийин автоунааны ЕАЭБдин аймагынан машиненин ээси гана чыгарып кетүүгө тийиш.

Расмий эсеп боюнча Кыргызстанга Абхазиядан болжол менен жети миңден ашуун машине кирген. Буга чейин бул жактан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттап, мыйзамдаштырып берүүнү мамлекеттик органдардан талап кылгандардын митинг өткөн.

2022-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы жооптуу кызматкери кармалганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн "Лексус GX-470" үлгүсүндөгү автоунаага Орусиядан келген делген жасалма документтердин негизинде каттоо күбөлүгүн жана Кыргызстандын мамлекеттик номурун каттап берген деп шек саналган.

Натыйжада мамлекетке 1 млн. 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени айтылган.

Кармалган кызматкердин жакындары, адвокаттары комментарий бере элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG