Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Кыргыз-өзбек чек арасында "Бек-Абад" бекети убактылуу жабылат


Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек Абад – автодорожный” өткөрмө пункту 10-октябрда, саат 15:00дөн баштап 18:00гө чейин убактылуу жабылат. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу аталган бекеттен адамдар жана транспорт каражаттары өткөрүлбөйт.

"Бек-Абад" – Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып оңолгонуна жараша бекеттерди ачуу иштери башталды.

Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылды. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жандантты.

Мындан сырткары "Бек-Абад", "Маданият", "Баймак", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме" бекеттери иштеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG