Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Аба ырайы: жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 6-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы 12…14°, күндүзгү температурасы 21…23° болот.

XS
SM
MD
LG