Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

3-октябрь: Журналисттердин соту, Газада ХАМАСтын бир лидери жок кылынганы кабарланды


Сот иши жүрүп жаткан 11 журналист
Сот иши жүрүп жаткан 11 журналист

3-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Аскат Жетигендин иши боюнча сот 17-октябрга жылды

19-сентябрдагы соттук жараянда эксперт Гуля Мураталиева Аскат Жетигендин социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган билдирүүлөрүндө бийликти басып алуу чакырыгы жок деген корутундуну окуп берген. Дагы бир эксперт Нурлан Сакпаев тескерисинче анын айткандарында “бийликке каршы терс маанайдагы сөздөр” бар экенин айткан. Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мыйзам долбоорлорун кароодо өкмөткө талап күчөтүлөрүн билдирди

Спикер парламент “жумшактык кылып” айрым долбоорлорду талкуусуз колдоп келгенин, эми өкмөткө талаптар күчөй турганын айтты. Жогорку Кеңештин жыйындарында Министрлер кабинетине нааразылыктар утур-утур айтылып турат. Мыйзам долбоору каралып жатканда аны баяндоо үчүн министрлердин өзү келбей, орун басарларын же бөлүм башчыларын жөнөткөнү сынга алынган учурлар бар. Жогорку Кеңеште 90 депутат болсо, алардын 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан келген. Калган 54 депутат партиялык тизме менен мандат алган.

"Манас" университетинин окутуучуларынын нааразылыгы парламентте айтылды

Жогорку Кеңештин 3-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде айрым мыйзамдар аткарылбай жатканы кайрылуу түшкөнүн айтып чыкты. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги иш алып барып, окуу жайдын ишмердигин текшерүүнү сунуштады. 20-сентябрда “Манас” университетинин бир катар окутуучулары Башкы прокуратурага кат жолдогону белгилүү болду. Анда окуу жайдын уставы Кыргызстандын мыйзамдарына, укуктук нормаларга каршы келери, бөлүм башчылык кызмат үчүн жаштык чектөөлөр бар экени, профессордук-окутуучулук курамдын эмгек келишимин түзүү процедурасы да так көрсөтүлбөгөнү, жумуш берүүчүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабууга шарт түзүлүп калганы жазылган. Университет ачылгандан бери бир жылдык эмгек келишимин түзүп келе жатканы мыйзамга каршы келери, окутуучулардын Конституция берген укуктары бузулуп жатканы белгиленген. 70 жашка чыккан окутуучулар жумуштан бошотулуп, бир ставкалык окуу жүктөмү 0,5ке которулуп жатканын, мындай чечим “жаш куракка карата кодулоо, басмырлоо” экени белгиленип, Эмгек кодексине каршы келерин жазышкан. Кайрылууда айтылган дооматтар тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги комментарий бере элек.

Римде президент Садыр Жапаров Италиянын президенти Сержо Маттарелла менен жолугушту

Президент Жапаров эки өлкөнүн алакасы буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун багыты боюнча тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде гана болуп келгенин айткан. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экенин белгилеген. Тараптар эл аралык актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашты. Жапаров Маттарелланы өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Кыргызстандын лидери Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржиа Мелони, Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Сапардын жүрүшүндө Жапаров Ватиканга барары да маалымдалган.

Украина Орусиянын дрон чабуулуна 15 облусу кабылганын билдирди

3-октябрда эртең менен Украинанын борбору Киевде абадан коргонуу системалары Орусия учурган кеминде 15 "жанкечти" дронду атып түшүрүштү. Бул тууралуу украин борбор калаасынын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко Telegram каналына жазды. Чабуул беш сааттан ашык убакыт уланганы, учкучсуз учактардын сыныгы Деснянский районунун аймагына түшкөнү маалымдалды. Кыйроо же жабыркоо тууралуу эч нерсе айтылган жок. Орусиянын агрессиясынан кечээтен бери Украинанын фронт тилкесине жакын үч аймагында дагы эки жайкын тургун каза болгонун, 36 киши жараат алганын 3-октябрда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Донецк облусунда 11, Харьковдо 17 киши жараат алды. Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовдун айтымында, Орусия бул жолу башкарылуучу авиабомбалар менен да сокку урду.

Израил Газада ХАМАСтын лидерлеринин бирин жок кылганын ырастады

Израил үч ай мурда Газа секторунда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун лидерлеринин бири жок кылынганын бүгүн 3-октябрда ырастады. Бул тууралуу Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына таянып АР агенттиги кабарлады. Газанын түндүк тилкесиндеги операцияларынын биринде жер алдындагы комплекске сокку урулганы, бул чабуулдун натыйжасында Рави Муштах жана ХАМАСтын дагы эки командири Самех Сираж менен Самех Удех өлтүрүлгөнү маалымдалды. ЦАХАЛ алар жер алдындагы жайды ХАМАСтын Израилге каршы соккулары үчүн башкаруу жана көзөмөлдөө максатында пайдаланып келишкен деп эсептейт. Рави Муштах, Израилдин маалыматына караганда, Газадагы азыркы согушка түрткү болгон былтыркы октябрдагы кандуу кол салууну уюштурууга жардам берген ХАМАСтын жаңы лидери Яхья Синвардын жакын санаалашы болгон. ХАМАС террордук тобунун саясий лидери Исмаил Хания быйыл 30-июлда Тегеранга Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына барганда жок кылынган.

АКШ шайлоого Орусия, Иран жана Кытай кийлигишүүдө деп кооптонууда

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) Орусия, Иран жана Кытай Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого кийлигишип, жасалма интеллект аркылуу жалган маалымат таратуу аракетин уланта берет деп эсептейт. Бул тууралуу мекеменин 2-октябрда жарыяланган баяндамасында айтылды. Министрлик аталган үч өлкөнү АКШнын ички иштери үчүн чет жактагы эң олуттуу коркунуч деп атап, өткөн аптада Сан-Францискодогу телеканалдардын биринде президенттикке Демократтар партиясынан талапкер, азыркы вице-президент Камала Харрис тууралуу тараган фейк маалыматтын артында Орусия турганын мисал келтирди. АКШда кезектеги президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG