Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Жапаров миграциялык мыйзамдарды кабыл алууда ЕАЭБдин эрежесин эске алууга чакырды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер миграциялык мыйзамдарды кабыл алууда уюмдун нормаларын эске алышы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Армениянын борбору Ереванда өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Мыйзам чыгаруу демилгелери ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормаларына карама-каршы келбеши керек, башкача айтканда, биздин иштеп жаткан жарандарыбызга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү болбошу керек. Мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленген документтерде да, коомдук мейкиндикте да ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана ага мүчө болбогон өлкөлөрдүн жарандарынын укуктарын так бөлүп көрсөтүү зарыл”, - деди Жапаров.

30-сентябрда "Свобода" радиосу Орусияда мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого багытталган кезектеги мыйзам долбоорлору даярдалып жатканын жазды. Маалыматта айтылгандай, мыйзам чыгаруу ишмердиги менен алектенген өкмөттүк комиссия бул жааттагы мыйзамдарды катаалдата турган демилгелерди караштырып жатат, алардын негизги бөлүгү даярдалып бүтүп, колдоо табууда.

"Коммерсантъ" басылмасынын журналисттеринин колуна Орусиянын Административдик кодексине жана Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу үч долбоор тийген. Ага ылайык, документи туура эмес мигрант кылмыш кылса, анын жазасын оорлотуу, мыйзамсыз мигрантты жумушка алуу үчүн документ жасаган ишканаларды жазага тартуу, мыйзамсыз миграция уюштурууга катаал чара көрүү сыяктуу нормалар каралган.

Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурула баштаган. Быйыл жыл башынан бери орус полициясы өлкөдөн 65 миң чет элдикти чыгарып, 120 миң чет өлкөлүктүн кирүүсүнө тыюу салды. Орусияга мигранттар агымы соңку 10 жылда алгачкы жолу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, экономисттердин өлкөдө жумуш күчүнүн жетишсиздиги башталат жана тейлөө акысы кымбаттайт деген кооптонуусун жаратууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болгон. (TAb)

XS
SM
MD
LG