Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:10

Орусиянын дрон чабуулунан Сумыда тогуз киши набыт болду


Сумыдагы талкаланган оорукана. 28-сентябрь, 2024-жыл.
Сумыдагы талкаланган оорукана. 28-сентябрь, 2024-жыл.

Орусиянын 28-сентябрдагы таңкы соккуларынан Украинанын Сумы шаарында тогуз киши каза болуп, 12 адам оор жараат алды. Бул тууралуу аймактык администрациядан кабарлашты.

Украинанын ички иштер министри (ИИМ) Игорь Клименко орусиялык күчтөр Сумыдагы медициналык мекемеге эки жолу сокку урганын билдирди. Алгачкы соккусунда бир адам өлүп, оорукананын бир нече кабаты талкаланган. Ал жерде полиция жана куткаруучулар бейтаптарды эвакуация кылып жатканда экинчи чабуул жасалган. Сокку турак үйлөргө дагы тийген.

Харьковдогу аткылоодон 68 жаштагы эркек жана аял жараат алып, үйү талкаланды. Украинанын Коргоо күчтөрү 28-сентябрда түндө Орусия армиясы төрт ракета жана 73 “жанкечти” дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Эки ракета жана 69 дрон атып түшүрүлгөн. Украинанын 13 облусунда айгай жаңырды.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдар жөнүндө комментарий берген жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында, эки жылдан бери согушта Украинада 10 миңден ашууна адам өлүп, жыйырма миңге жакыны жараат алды.

XS
SM
MD
LG