Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Президент журналисттер жана жалаа үчүн айып салган долбоор тууралуу пикирин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору, өлкөдөгү сөз эркиндиги жөнүндө “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек курду.

Анда Садыр Жапаров мыйзамды колдой турганын, бирок 100-200 миң айып салууга каршы экенин белгилеп, анын суммасын “депутаттар чечсин” деди.

“Ошол эле депутаттар же ЖМКлар болобу сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100-200 миң сом айып салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет. Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95 пайызы интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип анан тынчып атышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап ал маалыматты өчүрүшөт”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров “массалык башаламандык” беренеси менен айыпталып жаткан 11 журналисттин иши боюнча дагы пикирин билдирип, аларды “жасалма маалымат таратышкан” деп айыптады.

“Ал эми “11 журналист” дегениң боюнча. Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп социалдык түйүндөргө отургузуп, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып жатканын кантип танат? Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт”, - деди Жапаров.

Президент Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып, бийликтин кемчилигин далил менен айтууга чакырды. Ал бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштешкенге даяр экенин кошумчалады.

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору 17-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралып, биринчи окуудан өттү. Жыйында айрым депутаттар коюлган айыптын көлөмүн азайтууну сунуштаган.

Долбоор кабыл алына турган болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды тараткандарга 100 миң сом, медиалар 200 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилет.

26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналистке козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумунда мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сурады.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козгогон.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG