Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Ливандагы пейжер чабуулдун артында ким турат?


loop Aigerim

17-сентябрда Ливанда бир эле учурда пейжерлердин жарылуусунан ондон ашуун киши набыт болуп, үч миңден ашуун адам жараат алды. "Хезболланын" өкүлдөрү бул үчүн Израилди айыптап, окуяны "коопсуздук системасына жасалган эң ири кийлигишүү" деп аташты. Израил окуя тууралуу үн ката элек.

17-сентябрда Иран колдогон ливандык "Хезболла" жоочулар тобу эки мүчөсү жана бир кыз "табышмактуу" жарылуудан каза тапканын, мүчөлөрү колдонуп жүргөн бер нече пейжер бир учурда жарылганын билдирген.

Ливанда 17-сентябрда бир учурда пейжерлердин жарылуусунан кеминде тогуз киши каза болуп, миңдеген киши жараат алды.
Ливанда 17-сентябрда бир учурда пейжерлердин жарылуусунан кеминде тогуз киши каза болуп, миңдеген киши жараат алды.

Шаршембиде Ливанда бир учурда пейжерлердин жарылуусунан ондон ашуун киши набыт болуп, үч миңге чукул адам жараат алганы кабарланды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирасс Абиад жараат алгандардын арасынан 200дөй кишинин абалы оор экенин айтты.

Ливандын мамлекеттик маалымат агенттиги жарылуу "Хезболланын" таянычы болгон борбор калаа Бейруттун түштүк райондорунда жана өлкөнүн башка да бир нече аймагында катталганын маалымдады. "Рейтер" агенттиги жардыруулардын үнү 30 мүнөткө чейин тынбай угулуп турганын жазды.

Согушкер топ Израилди айыптап, ага жооп кайтарууга убада берди. Израил армиясы жардыруулар боюнча "Рейтер" агенттигине комментарий берүүдөн баш тартты.

Ливандагы оорукана. 17-сентябрь, 2024-жыл.
Ливандагы оорукана. 17-сентябрь, 2024-жыл.

"Рейтер" жарылган пейжерлерди "Хезболла" соңку айда сырттан алып кирген. Баары тең жаңы моделдеги байланыш каражаты болчу. Агенттик Ливандын жогорку даражалуу булагына таянып, жарылган пейжерлер тыңчылыкка колдонуу үчүн алынганын жазды. Анын сөзүнө караганда аппараттарга билдирүү жөнөтүлгөндө бир эле учурда жардыргыч зат активдешип, 3000 пейжер жарылган. Операция бир нече айдан бери даярдалганы да айтылды.

Wall Street Journal басылмасына радикал топтун мүчөсү айткандай, бир нече киши жарылуунун алдында пейжерлер ысып чыкканын байкаган. Адистердин пикиринде, ысыган литий-иондук батареялар күйүп кетиши ыктымал, бирок мынчалык жарылууга жетиши мүмкүн эмес.

Би-би-си британ армиясынын мурдагы кызматкеринин айтканына таянып, пейжерлерге 10дон 20 граммга чейин күчтүү жардыргыч зат коюлган болушу ыктымал деп жазды.

"Рейтер" агенттиги жарылган аппараттардын артындагы жазууларына таянып, пейжерлерди Тайвандык Gold Apollo компаниясы чыгарганын аныктаган.

Компаниянын негиздөөчүсү Су Цинкуан АP агенттигине берген маегинде пейжерлерди Будапештте Gold Apollo брендин колдонуу укугуна ээ болгон башка компания чыгарганын айткан: "Пейжерлерди биз чыгарган эмеспиз. Алар биздин брендди гана пайдаланган".

Gold Apollo компаниясынын негиздөөчүсү Су Цинкуан.
Gold Apollo компаниясынын негиздөөчүсү Су Цинкуан.

Журналисттер Су Цинкуан айтып жаткан BAC Consulting компаниясынын Будапешттеги көрсөтүлгөн дарегине барып, компаниянын өкүлдөрүнө жолуга алган жок.

Ал тапта жабыркагандарга Ливандагы ооруканалардын биринде жергиликтүү эл кан тапшырып жаткан тасмалар интернетте тарап жатат.


АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мэттью Миллер окуядан көп өтпөй журналисттердин суроолоруна учкай жооп берип, жардыруу боюнча маалымат чогултулуп жатканын айтты:

"Мен силерге Кошмо Штаттардын бул окуяга тиешеси жоктугун айта алам. АКШ бул окуя тууралуу алдын ала билген эмес. Учурда биз маалымат чогултуп жатабыз”.

Айрым ирандык басылмалар жараат алгандардын катарында Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да бар экенин жазышты.

Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Аманинин ооруканага жөнөтүлүп жаткан сүрөтү.
Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Аманинин ооруканага жөнөтүлүп жаткан сүрөтү.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун согушкерлери Газа секторунан Израилге кол салганда 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил былтыр октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Азыркы тапта израил армиясы Газада ХАМАСка жана түндүк тилкесиндеги Ливан менен чек арасында ХАМАСтын союздашы "Хезболлага" каршы согушун улантууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери сектордо каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты.

Ливан: «Хезболланы» бутага алган пейжер чабуулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG