Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

19-сентябрь: БУУнун Израилге койгон талабы, Москвадагы мигранттардын мектеп көйгөйү


Газа.
Газа.

19-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Израилге палестин аймактарынан чыгып кетүү талабы коюлду

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында 18-сентябрда оккупациядагы палестин аймактарынан Израилдин аскерлеринин 12 ай ичинде чыгып кетүүсүн жана эгер бул талап аткарылбаса санкция жарыялоону талап кылган резолюция боюнча добуш берүү болду. Натыйжада 124 мамлекет бул документти колдоду, 14ү каршы добуш берди, 43ү добуш берүүдөн карманды. Израил резолюцияны «бурмаланган» жана «бетпактык» деп атады. Милдеттүү түрдө аткаруу талабын коё албай турган бул документ БУУнун Эл аралык сотунун Израилдин 1967-жылдан берки оккупациясын “мыйзамсыз” деп тааныган корутундусуна негизделген. Резолюцияга каршы добуш берген 14 өлкө арасында АКШ, Аргентина, Венгрия, Чехия бар. Кыргызстан «макул» деген добуш берди. Израилди 1967-жылдагы согуштан кийин өз көзөмөлүнө алган жерлерде оккупациясын токтотууга чакырган резолюциялар БУУда буга чейин да кабыл алынган. Сөз Иордан дарыясынын батыш жээги, Газа сектору жана чыгыш Иерусалим тууралуу болууда.

Курск облусу боюнча эки башка маалымат берилүүдө

Киев жана Москва 19-сентябрга карата фронттогу жана Орусиянын Курск облусундагы абал боюнча эки башка маалымат берип жатышат. Орусия өз аймагын украин аскерлеринен тазалоодо алдыга жылганын айтса, Украина орусиялыктардын контрчабуулуна бөгөт коюлганын кабарлоодо. Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын башчысынын орун басары, чеченстандык «Ахмат» атайын бөлүгүнүн командири Апти Алаудинов орус аскерлери Курск облусундагы эки айылды бошотконун жарыялады. Ал тапта Курскиде украиндер ачкан аскердик комендатуранын өкүлү Алексей Дмитрашковский Орусиянын «фланг маневру» токтотулганын AFP маалымат агенттигине билдирди. "Кырдаал турукташты жана бүгүн баары көзөмөлдө, алар ийгиликке жете алган жок", - деди ал. Украин аскерлери 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, бир нече айыл-кыштагын ээлеген, соңку маалыматында жалпысынан 1300 чарчы чакырымдык жерди көзөмөлдөп турганын маалымдаган.

Москвада мектеп көйгөйүнө туш болгон мигранттар боюнча маалымат берилди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттар тууралуу комментарий берип, орусиялык бийлик өкүлдөрүнө бир нече кайрылуу жөнөткөнүн билдирди. Орусия айрым мектептерде бош орун жок болгондуктан мигранттардын балдарын кабыл алууда көйгөй жаралганын кабарлаган.ТИМдин маалыматына ылайык, ушул тапта Москва шаарында жана Москва облусунда 224 бала мектепке кирүүгө кезек күтүп жатат. Министрлик 16-августта да маалымат берип, Орусиянын бул аймактарында эмгек мигранттарынын балдары окууга кире албай жаткан учурлар бар экенин, бирок мындай окуялар көп эмес экенин маалымдаган.

Алга Кылычовду кайрадан тергөө абагына которушту

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов 19-сентябрда Улуттук госпиталдан кайра Бишкектин тергөө абагына (ТИЗО-1) которулду. Жубайы Гүлнур Ниязова “Азаттыкка” билдиргендей, Кылычовдун кан басымы салыштырмалуу төмөндөдү, ушундан улам аны кайра тергөө абагына которуу чечими кабыл алынды. 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” деген беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, он жылга кесилген Кылычов 9-сентябрда “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Ал сот өкүмүнө макул эместигин “Азаттыкка” билдирген. Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган.

Баткен облусундагы айрым аймактар бириктирилди

Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзам күчүнө кирди. "Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" мыйзам "Эркин-Тоо" гезитинин 17-сентябрдагы санына жарыяланды. 11-сентябрда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун "кечиктирилгис жана кезексиз" түрдө жабык караган. Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов "мыйзам долбоору Баткен облусунун административдик аймактык бирдиктерин социалдык-экономикалык кырдаалын турукташтырууга, калктын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын" билдирген. Эми административдик-аймактык чек аралардын өзгөрүшү, кээ бир аймактардын биригүүсү же бөлүнүүсү сыяктуу өзгөрүүлөрдөн кийин жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо жарыяланат.

Тартип кызматкерлерин сүрөт-видеого тартып, каралагандарды жазалоо сунушталды

Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин өтөп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин (аскер кызматкерлеринин да) ишине мыйзамсыз кийлигишип, сүрөт жана видеого тартып алардын ишин каралоо максатында материалдарды кийин Интернет сайттарга таратууга тыюу салуу сунушу берилди. Документ кабыл алынса анын талаптарын бузгандарга 5 миң сом айып пул салынып же 5-7 сутка камалат. Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду. Авторлор Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына таянып, 2022-2023-жылдары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө фактысы боюнча 195 протокол түзүлгөнүн жазган.

XS
SM
MD
LG