Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Грузияда белгилүү трансгендер моделдин өлүмү иликтенүүдө


Кесария Абрамидзе.
Кесария Абрамидзе.

Грузияда белгилүү трансгедер модель Кесария Абрамидзе киши колдуу болду. Окуя бүгүн 19-сентябрда борбор калаа Тбилисиде болгонун, анын сөөгү өз үйүнөн табылганын, кылмыш иши «атайылап өлтүрүү» деген берененин негизинде козголгонун полиция маалымдады.

Miss Trans Star International сулуулук сынагынын катышуучусу, 37 жаштагы Абрамидзе, Ички иштер министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, жынысына байланыштуу өзгөчө мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн, кылмышка шектелип 24 жаштагы эркек киши кармалды, окуя алар уруша кеткенден кийин болгону аныкталды.

The Insider басылмасы белгилегендей, соңку жылдары Грузияда ушуну менен үчүнчү жолу трансгендер аял киши болдуу болууда.

Былтыр Тбилисиде уюштурулган ЛГБТ фестивалына миңдеген жергиликтүү тургун кол салып, ошондон кийин башталган башаламандык бир нече күн уланган.

Эки күн мурда Грузияда парламент ЛГБТга үгүттөөгө жана жынысын алмаштырууга каршы мыйзамды колдогон. Оппозиция өкмөттүн мындай сунушун бойкоттоп, добуш берүүгө катышпай койгон. Мыйзам бир добуштан кабыл алынган.

Ага ылайык, ЛГБТ өкүлдөрүнө трансгендердик операция жасатууга, бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө катары бала асыроосуна, расмий документтерге эркек же аял дегенден башка жынысты көрсөтүүгө, мектептерде жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ЛГБТ+ тууралуу үгүттөөгө, фестиваль жана башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Грузия бийлигин ЛГБТ өкүлдөрүн чектеген мыйзам долбоору боюнча чечимин өзгөртүүгө чакырып, «Грузин бийлиги кабыл алган мыйзам адамдардын негизги укуктарына шек келтирет, басмырлоону жана кордоону күчөтөт. Мен Грузияны Евробиримдикке карай жолунан оолактатуучу бул чечимин жокко чыгарууга чакырам», — деп 18-сентябрда билдирди.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес.

Быйыл 26-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Президент Саломе Зурабишвили өлкө бул күнү «же Орусиянын кулу болуу, же Европа менен кызматташуу» жолун тандай турганын айткан.

Эл арасындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, азыркы тапта «Грузин кыялы» эң популярдуу партия болууда.

2023-жылдын 14-декабрында Европа Биримдигинин Кеңеши Грузияга бул биримдикке мүчө болууга талапкер макамын берген. (RK)

XS
SM
MD
LG