Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Мэрия жеке автоунаасын айдап келген кызматкерлерге чара көрүлгөнүн билдирди


Бишкек мэриясы. Жаңы автобустар келген учурлардын бири
Бишкек мэриясы. Жаңы автобустар келген учурлардын бири

Бишкек мэриясы коомдук транспорт колдонбой, жеке автоунаасы менен жумушка келген 64 кызматкерине тартиптик чара көрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, калаа мэриясынын уюштуруу-көзөмөлдөө башкармалыгы муниципалдык кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Тартиптик чара көрүлгөн кызматкерлер 7-18-сентябрга чейинки текшерүү учурунда аныкталган.

Быйыл майда экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт деген негизде Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө киргизилген. Ага ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Бул эки күн автоунаа кыймылы эң көп болгон күндөр деп саналат.

Бишкекте тыгын маселеси курч турат. Мэрия билим берүү мекемелеринин иш тартибин өзгөртүү менен шаардагы жол тыгыны азайганын 12-сентябрда билдирген.

Социалдык тармактарда, коомчулукта, парламентте сентябрдан тартып тыгын азайбай, кайра күч алганын, мурда бат жетчү райондорго баруу үчүн азыр сааттап тыгында турушканын айтып, жазгандар, сүрөт-видеолорун жарыялагандар көп. Тыгын маселесин чечүү талабы ушул аптада парламентте да көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат. Жаңы автобустар күн алыс жол кырсыгына кабылган окуялардын сүрөт-видеолору социалдык тармактарда жарыяланып келатат.

Бишкек шаарында сегиз айда автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталганын, анын 109 учурунда автобус айдоочулар күнөөлүү болгонун шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү "Азаттыкка" билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG