Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Иран Батыштын жаңы санкцияларына жооп кайтарарын билдирди


Ирандын баллистикалык Fath 360 ракеталары. Иллюстрация
Ирандын баллистикалык Fath 360 ракеталары. Иллюстрация

Британия, Франция жана Германия Иран менен эки тараптуу аба каттамдар боюнча келишимди жокко чыгарып, Iran Air авиакомпаниясына санкция салууну чечкенден кийин Тегеран “пропорционалдуу” жооп кайтарарын билдирди.

Европалык үчилтик мындай чарага Ислам жумурияты Орусияга баллистикалык ракета бергени бышыкталгандан кийин барганын билдирди.

Шейшембинин кечинде жасаган билдирүүдө Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нассер Канани Тегеран Москваны ракеталар менен камсыздаган деген айыптоолорду “калп жана негизсиз”, “Батыштын кас саясатынын уландысы” деп атады.

Үчилтик өз билдирүүсүндө баллистикалык ракеталарды жөнөтүү ыктымалдыгы Иран Орусияны Украинага каршы согушунда колдоп жатат деген дагы бир далил экенин, “ирандык ракеталар Европанын аймагына жетсе, украин элинин азап чегүүсүн ого бетер күчөтөрүн” белгилешти.

Москва Украинага кол салгандан бери Тегеран Иранда жасалган Shahed жана Mohajer дрондорунун согушта колдонулушуна байланыштуу санкцияларга кабылып келатат.

Бирок Иран уруш тутангандан бери Орусияга курал бергенин четке кагууда жана бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтууда.

Өз кезегинде АКШ дагы ракеталарга байланыштуу санкциялык тизмесин кеңейтип, ага Орусия менен Ирандын жаңы компанияларын, жеке адамдарды киргизди.

Дүйшөмбү күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Иран Орусияга жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды берген болушу мүмкүн деген маалыматтарды четке каккан эмес. Ал Москва менен Тегеран «бардык тармактарда, анын ичинде сезимтал чөйрөдө» кызматташтыкты өнүктүрүп жатканын жана мындан ары да улантарын билдирген.

Ирандан ракеталарды алуу тууралууу кабарларга кайрылып, «бул өңдүү маалыматтар дайым эле чындыкка дал келбесин» белгиледи.

Эксперттер андай ракеталар Москванын согуштук аракеттерине дем бериши мүмкүн деп санашат.

XS
SM
MD
LG