Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

АКШнын 39-президенти Жимми Картер 100 жылдыгын белгилеп жатат


Кошмо Штаттардын 39-президенти Жимми Картер. Нью-Йорк. 2015-жыл.
Кошмо Штаттардын 39-президенти Жимми Картер. Нью-Йорк. 2015-жыл.

1-октябрда Кошмо Штаттардын 39-президенти Жимми Картер 100 жашка толду. Ал Американын лидерлеринин арасынан эң узак жашаган адам катары тарыхка кирди.

АКШ президенттеринин ичинен Жорж Буш (улуусу) 94 жашка, Рональд Рейган менен Жеральд Форд 93 жашка чыгып көз жумушкан.

Картер Жоржия штатынан чыккан биринчи жана азырынча жалгыз президент. Ал деңиз аскери болуп, кийин дыйканчылык менен алектенип жер жаңгак өстүрүп жүргөн жеринен штат губернаторлугуна шайланган.

1976-жылы Демократиялык партиядан аттанган Картер ошол кездеги президент Жеральд Фордду жеңген.

Керри президент болуп турган учурда Израил менен Египеттин ортосундагы биринчи тарыхый тынч макулдашуусуна Кэмп-Дэвидде кол коюлган. Израил Египетке Синай жарым аралын кайтарып берүүгө макул болгон.

Картер Кытай менен толук кандуу дипломатиялык алакаларды түзгөнгө жетишкен.

Американын Перс булуңундагы кызыкчылыктарын коргоого багытталган "Картер доктринасы" анын ысымынан аталган.

Энергетикалык кризистен жана инфляциядан улам жаралган экономикалык маселелерге байланыштуу Картер бир мөөнөт отургандан кийин эле Рональд Рейганга жеңилип калган.

Ак үйдөн кеткенден кийин Картер саясий ишмердигин токтотуп, гуманитардык долбоорлор менен алектенген. Ал негиздеген Картер борбору ондогон мамлекеттердеги шайлоонун таза, адилеттүү өткөрүлүшүн камсыздоого багытталган.

2002-жылы Жимми Картер "эл аралык жаңжалдарды тынч чечүү жолдорун ондогон жылдар бою тынбай изденгени үчүн" Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыган.

Кошмо Штаттарды 1977-1981-жылдары башкарган Картер жубайы Розалин Картер менен 77 жыл чогуу жашаган. Ал 2023-жылы 96 жашында акка моюн сунган.

XS
SM
MD
LG