Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Мушкер Камил Шар өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болду


14 жашка чейинкилер арасында бокс боюнча Азия чемпиону Камил Шар. 8-сентябрь, 2024-жыл.
14 жашка чейинкилер арасында бокс боюнча Азия чемпиону Камил Шар. 8-сентябрь, 2024-жыл.

Араб Эмиратынын Аль-Айн шаарында өтүп жаткан бокс боюнча 14 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык өспүрүмдөр бир алтын, эки күмүш жана жети коло байгеге ээ болушту.

Алтын медалга 67 килограммга чейинки салмакта Камил Шар ээ болду. Азиянын бокс конфедерациясынын Фейсбуктагы маалыматына таянсак, Камил Шар финалда украиналык Юнус Халиковду жеңди.

Финалга чейин Камил эки атаандашын уткан. Алгач чейрек финалда ирандык Мохаммад Хоссейинзадени, жарым финалда өзбекстандык Мухаммадризо Холдаровду жеңген.

Күмүш байгелерди 70 килограммдан жогорку салмакта Назарбай Кендирбаев жана 52 килограммга чейинки салмакта Ризван Исаев алышты.

Коло байгелерге Ташкул Амангелдиев (- 35 кг), Жасурбек Икромидинов (- 37 кг), Ариет Санжарбеков (- 40 кг), Муслим Паншер (- 43 кг), Нурсултан Жумалиев (- 46 кг), Темирлан Абыталиев (- 55 кг) жана Улукбек Абдуманбетов (- 64 кг) ээ болушту.

Ошондой эле 9-сентябрда 16 жашка чейинкилер арасында кыргызстандык эки улан алтын байге үчүн күчүн сынашат. Бир күн мурда болгон жарым финалдык беттештерде 57 килограммга чейинки салмакта Кутманбий Муратов жана 66 килограммга чейинки салмакта Ахмади Арваз финалга чыгышкан.

Бул жаш куракта 48 килограммга чейинки салмакта Умар Орусбаев менен 54 килограммга чейинки салмакта Абдулхак Садиков коло байгени алышат.

27-августта башталган 14 жашка чейинки жана 16 жашка чейинкилер арасындагы бокс боюнча Азия чемпионаты 10-сентябрда аяктайт. (ECh)

XS
SM
MD
LG