Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Венесуэлада оппозиция лидери өлкөдөн чыгып кетти


Венесуэла оппозициясынын лидерлеринин бири Эдмундо Гонсалес.
Венесуэла оппозициясынын лидерлеринин бири Эдмундо Гонсалес.

Венесуэладагы оппозициянын лидерлеринин бири, президенттикке ат салышкан Эдмундо Гонсалес өлкөдөн чыгып кетти. Бул кадамга ал өлкө бийлиги аны камоо тууралуу ордер чыгаргандан кийин барды. Гонсалес бир нече күн Испаниянын Каракастагы элчилигинде болуп, Мадридден саясий башпаанек сураган.

Венесуэланын вице-президенти Дельси Родригестин айтымында, саясатчы Испанияга аскердик учак менен кеткен. Родригес кошумчалагандай, өкмөт өлкөдө "саясий тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо үчүн" Гонсалеске чыгып кетүүгө уруксат берди.

3-сентябрда сот прокуратуранын өтүнүчү менен Эдмундо Гонсалести камоого ордер чыгарган. Аны бир катар кылмыштарга, анын ичинде документтерди бурмалоого, маалыматтык системалардагы диверсияга, кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышууга айыптап жатышат.

Венесуэлада президенттик шайлоо 28-июлда өткөн. Оппозиция шайлоо бекеттеринин 78% протоколдорун алышканын, анда Гонсалес Мадурону эки эсе көп добуш менен утканы айкын экенин айтып чыгышкан.

Президент Николас Мадурого баш ийген Шайлоо комиссиясы азыркы мамлекет башчы добуштардын 51,2%, ал эми Гонсалес 44,2% алганын жарыялаган.

Мадуронун жеңишине каршы өлкөдө жапырт башаламандыктар тутанып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген адам баш калаа Каракастын борборуна чыгышкан.

АКШ баш болгон бир катар мамлекеттер добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG