Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Орусияда рэп ырчысы Моргенштернге кылмыш иши козголду


Орусиялык рэп ырчысы Моргенштерн.
Орусиялык рэп ырчысы Моргенштерн.

Моргенштерн деген лакап ысым менен таанымал орусиялык рэп ырчысы Алишер Валеевге кылмыш иши козголду. Орусиянын мамлекеттик РИА "Новости" агенттиги өз булактарына таянып кабарлагандай, буга анын "чет элдик агенттин" милдеттенмелерин аткарбаганы түрткү болгон.

Моргенштернди Юстиция министрлиги "чет элдик агенттердин" тизмесине 2022-жылдын май айында киргизген. Ал буга карабай Интернетте өз билдирүүлөрүн тийиштүү эскертүүсүз жарыялап келген. Мыйзамга ылайык, бул макамга ээ болгондор бардык билдирүүлөрүнүн алдына "чет элдик агент" тарабынан жазылып жатканын белгилеш керек.

Рэп ырчысына 300 миң рубль көлөмүндөгү айып пул салынып же эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Моргенштерн ушул эле себеп менен эки жолу административдик жоопкерчиликке тартылган. Ал эми быйыл июнь айында Москва шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгоону талап кылган.

Ырчы Орусиядан 2021-жылы чыгып кеткен. Буга Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин аны маңзат соодасына айыпташы түрткү болгон.

6-сентябрда ушундай эле кылмыш иши дагы бир музыкант "чет элдик агент", Монеточка деген лакап ысым менен таанымал Елизавета Гырдымовага козголгону белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG