Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Израилде өкмөткө каршы акцияга жүз миңдеген адам чыкты


Тель-авивдеги өкмөткө каршы акцияга чыккандар. 7-сентябрь, 2024-жыл.
Тель-авивдеги өкмөткө каршы акцияга чыккандар. 7-сентябрь, 2024-жыл.

Израилдин баш калаасы Тель-Авивде 7-сентябрдын кечинде жүз миңдеген адам өкмөттөн ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун барымтасындагы туткундарды бошотууну талап кылып ири митингге чыгышты. Алар ошондой эле Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууга чакырышты. Жергиликтүү басылмалардын жазышынча акциянын катышуучуларынын саны 500 миңдин тегерегинде болду. The Times of Israel гезити жазгандай, бул Газадагы согуш башталганы уюштурулган эң ири митинг болуп калды.

Демонстранттар 11 айдан бери туткундардын бошотулбай жатканы үчүн өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхуну күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылышты. Медиа каражаттары акциянын беш катышуучусу кармалганын жазды.

Ири митингдер өлкөнүн бир катар башка шаарларында да уюштурулду.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газанын аймагынан Израилге кол салганда 1200дөй киши каза тапкан, 253 кишини барымтага алынган. Ошондон бери бир нече киши бошотулуп, бир канчасы набыт болду.

Израил чабуулга жооп кайтарып, анклавда согуш баштаган. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси 40 миң 600дөн көп киши каза тапканын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму набыт болгондордун көбү аялдар менен балдар экенин буга чейин маалымдаган.

Тилкенин 2,3 миллион калкынын көбү бир нече жолу жер которууга аргасыз болду. Аймакта тамак-аш, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кризис курчуп турат.

XS
SM
MD
LG