Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Иорданиянын чек арасындагы атышууда үч адам набыт болду


Окуя болгон жерде тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерде тартылган сүрөт.

8-сентябрда Иордания менен оккупацияланган Батыш жээктин ортосундагы чек арада атышуу болуп, үч адам каза тапты. Алар Израилдин жарандары экенин, окуя Алленби өткөрмө бекетинде болгонун маалымат каражаттары жазышты. Ал жерди жарым-жартылай Израил көзөмөлдөйт.

Баштапкы кабарларга ылайык, Иордания тараптан жүк ташуучу автоунаада көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин келген киши машинеден түшүп, адамдарды аткылаган. Аны аскер кызматкерлери атып өлтүргөн. Тек-жайы азырынча тактала элек.

Jerusalem Post набыт болгондордун баары 50 жаштан ашкан карапайым кишилер экенин жазды.

Иордания Падышачылыгы Израилге лоялдуу турумда жана өлкөлөрдүн ортосунда саясий, соода кызматташтыгы бар. Бирок байкоочулар АКШ жана Европада террордук уюм деп таанылган ХАМАС радикал тобунун жактоочулары соңку кездери Иорданияда активдешкенин белгилешет.

Израил 28-августта Батыш жээктин түндүгүндөгү бир катар райондордо "терроризмге каршы операция" деген рейд баштаган.

Израилдик аскерлер Женин шаарынан жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги качкындар лагеринен чыгып кеткенин 7-сентябрда Палестинанын маалымат агенттиги (WAFA) билдирген. "Аль-Жазира" каналы Наблус жана Балат качкындар лагерлеринде, Вифлеем, Хеврон жана Рамалла райондорунда рейд уланып жатканын кабарлаган.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин бул операциясында 21 киши каза болгонун жана кеминде 130 адам жараат алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG