Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:13

Кыргызстан мал-жандык экспортун убактылуу токтотту


Кыргызстанда ири мүйүздүү малды, жылкыны жана майда жандыктарды экспорттоо убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай министрлиги билдирди. Мындай чечим айыл чарба жаныбарларын идентификациялоону инвентаризациялоого, тагыраагы мал-койдун так санын эсептөө иштерине байланыштуу кабыл алынганы белгиленген.

Мал экспортунун убактылуу токтотулушу Кыргызстанда эт кымбаттап жаткан шартта кабыл алынганын Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын маалыматтары тастыктайт.

Аталган кызмат билдиргендей, 7-августтан 5-сентябрга чейинки аралыкта койдун эти орточо 2,3%, уйдуку 5,3% кымбаттаган. Ушул тапта кой эти 564-577 сомго чейин, уй эти 544 сомдон 573 сомго чейин сатылууда.

Экспортко уруксат берүүнү улантуу жөнүндө маалымат кошумча жарыяланат. Министрлик инвентаризация иши 15-20 күнгө созуларын билдирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG