Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

ЕЭК: Чет элдиктер тууралуу мыйзамдын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок


Эмгек мигранттары орус тили боюнча экзаменде. Орусия, архив сүрөт.
Эмгек мигранттары орус тили боюнча экзаменде. Орусия, архив сүрөт.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарына Орусияда "Чет өлкөлүк жарандардын укуктук шарты тууралуу" мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн таасири тийбейт. Алар Орусиянын аймагында мурдагыдай эле чектөөлөрсүз иштей берсе болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын 1-августта Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизилген мыйзам долбоору жөнүндөгү түшүндүрмөсүндө айтылган.

Мурдараак Мамдумадагы "Справедливая Россия - За правду" (СРЗП) партиясынын төрагасы Сергей Миронов чет элдик мигранттардын иштөөсүн чектеген мыйзам долбоорунун жаңы варианты сунушталып жатканын билдирди.

"Биз федералдык деңгээлде мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салууну, кээ бир тармактарда 5% чейин азайтууну сунуштаганбыз. Бирок өкмөт жана Дума бизди колдогон эмес. Бул айрым аймактарды мигранттар боюнча катаал чараларды өз алдынча кабыл алууга мажбур кылууда. Биз жаңы, жумшагыраак варианттагы мыйзам долбоорун даярдап, Мамдумага киргизебиз", - деп жазды Миронов Telegram-каналына.

Партия лидери сунушталуучу долбоордо орус жарандыгын алгандыгына 5 жыл боло элек мигранттардын айрым иштерде иштөөсүн чектеп, айрыкча коомдук транспортту айдоосуна милдеттүү түрдө тыюу салынарын белгилеген.

Орусия мигранттарга байланыштуу катаалдаштырылган мыйзамдар топтомун июлдун соңунда кабыл алган. Анда мигранттардын иштөөсүнө, Орусия аймагында жүрүүсүнө байланыштуу катаал чаралар киргизилген.

Ушундан улам Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов X социалдык тармагындагы баракчасына Мамлекеттик Думада талкууланып жаткан өзгөртүүлөр жана чектөөлөр кыргызстандыктарга тиешелүү болбошу керектигин жазган.

“ЕАЭБдин негизги принциптерине ылайык, биздин жарандар эмгек рыногунда эркин жана тең укукка ээ. Эгер башкача чечмелөөлөр жана биздин жарандарды үчүнчү өлкөлөрдөн барган мигранттарга теңештирүүлөр болсо, биз үчүн элибизге ЕАЭБге мүчө болуунун маанисин түшүндүрүү өтө оор болуп калат”, - деп жазган Байсалов.

Быйыл алты айда Орусияда иштеген 4700дөй кыргызстандык жаран Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылган. Аталган мекеме жарыялаган маалыматка ылайык, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG