Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Жети айда 161,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду


Көзөмөл-касса машинасы (ККМ). Иллюстрациялык сүрөт.
Көзөмөл-касса машинасы (ККМ). Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-июль айларында 161 млрд 356,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Мунун ичинен 118 млрд 458,7 млн сом салык жана төлөмдөрдөн чогулса, 42 млрд 897,6 млн сом - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул аралыкта белгиленген план 5,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды жана былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 25,6 млрд сомго көп салык жыйналды.

2024-жылы Кыргызстанда салык системасында өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, 1-июлдан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда 82 миң 886 ишкер патент системасынан башка салык режимдерине өткөнүн, бул соода-сатык менен алектенгендердин 98% ашыгын түзөрүн билдирген.

“Дордой” жана “Тураталы эл базарында” (ред.: “Кара-Суу” базарында) иштеген 17 миңден ашуун соодагер өзгөчө салык режимине өткөнү кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG