Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:23

Париж-2024: Денис Петрашов жарым финалга чыкты


Денис Петрашов. Архив сүрөт.
Денис Петрашов. Архив сүрөт.

Париж Олимп оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов 30-июлда жарышка чыгып, жарым финалга чыкты. Ал эркектер арасында 200 метрге брасс стилинде сүзүп, өз тобунда 6-орунду алды (2 мүнөт 10,99 секунд). Жалпы жыйынтыкта 25 спортчунун арасынан 16-орунду алып, жарым финалга чыкты. Бул аралыктагы жарым финалдык жарыштар 31-июлда түнкү саат 2де, финалдык жарыш 1-августта түнкү саат 2:30да болот.

Петрашов буга чейин 100 метрге брасс стилинде жарышка чыгып, 23-орунду ээлеген.

Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң популярдуу спорттун бул түрү боюнча Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барды. World Aquatics уюмунун билдиришинче, 463чү эркек, 391и аял. Жалпысынан 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медал ойнотулат.

Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 200 метрге жана 100 метрге брасс стилинде жарыштарга катышкан. Париж Олимпиадасына 100 метрге жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө жолдомо уткан.

Токиодогу Олимп оюндарында Петрашов 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө 27-орунду, 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 18-орунду ээлеген.

Дагы бир кыргызстандык суучул Елизавета Печерских 3-августта аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдешке катышат.

Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Кыргызстандан бул олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышат.

XS
SM
MD
LG