Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:41

ӨКМ тик учактын көл жээгине конгону боюнча түшүндүрмө берди


ӨКМдин тик учагы. Архив сүрөт.
ӨКМдин тик учагы. Архив сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн Чоктал айылында тик учактын көлдүн жээгине конгону боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 25-июлда инвесторлор Airbus-145 тик учагын Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоор үчүн ижарага алышкан.

“Учуу убактысы 5 саат 20 мүнөттү түзгөн. 2024-жылдын 17-июль күнү түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.

25-июлда социалдык тармактарга көлдүн жээгине жакын жерге ӨКМдин менчигиндеги тик учактын конуп жатканы тартылган видео тараган.

Буга чейин ӨКМдин башка тик учагы боюнча коомчулукта талкуу жүргөн. 24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганы тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Бул тууралуу ӨКМ түшүндүрмө берип, тик учак ижарага берилгенин жана анын акысы толугу менен төлөнгөнүн билдирген.

Мекеме тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп каларын, “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 миң 662 сомго, “Н - 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 миң 770 сом ижарага алса болорун кошумчалаган.

Ушул окуядан бир нече күндөн кийин Ноокат районунда сел жүрүп, жайлоодо калып кеткен тургундарды куткаруу иштерине тик учактын колдонулбаганы да социалдык тармактарда сынга алынган. Министрлик ошол күнү аба ырайы туруксуз болгонун, эртеси күнү тик учак куткаруу иштерине тартылганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG