Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:55

Бастрыкин Украинага мигранттарды жөнөтүү керектигин кайталады


Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин.
Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинадагы согушка биринчи кезекте орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүүнү дагы бир ирет сунуштады.

"Контекст" Телеграм-каналы жазгандай, мындай демилге Бастрыкин Мамлекеттик Думага миграциялык мыйзамдарды жакшыртуу боюнча жөнөткөн сунуштарында камтылат.

Мигранттарга Орусиянын жарандыгын берүү жана аскердик каттоого тургузуу жараяндарын синхронизациялоону да белгиледи. Ал армияда кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды жарандыктан чыгаруу керектигин билдирди.

Тергөө комитетинде өткөн жыйында мигранттар арасындагы кылмыштуулук талкууланды. Маалыматка караганда, бул көрсөткүч алты пайызга төмөндөгөн. Ошол эле маалда мигранттар катышкан кылмыштардын саны 11% өскөн.

"Атайын бөлүмдөрдүн катышуусу менен "Нелегал" деп аталган рейддерди өткөрүүнү көбөйтүп, алардын географиясын кеңейтүү зарыл. Мигранттардын жосунсуз жүрүм-турумдары тууралуу маалымат ресурстарын такай көзөмөлдөп туруу системасын жолго салуу керек. Кырдаал чындыгында бүтүндөй өлкө боюнча оор. Ошондуктан бул багытта ишти активдештирүүгө чакырам", - деди Бастрыкин.

Бастрыкин, 27-июнда Петербург эл аралык юридика форумунда сүйлөп жатып, орус жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбай жүргөн 30 миңдей чет өлкөлүк аныкталып, каттоого алынганын, алардын 10 миңге жакыны согушка жөнөтүлгөнүн айткан.

Мигранттар «окоп казганга» да керек экенин айткан жетекчи «алар бүгүнкү күндө биздин тылдагы бөлүктөрдү толуктап жатышат» деп кошумчалаган.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салгандан тартып орус бийлиги бул өлкөгө жумуш издеп барган борбор азиялык мигранттарды согуш талаасына жөнөтүп жатканы кабарланып келет.

Тергөө комитетин 2011-жылдан бери башкарып келе жаткан Бастрыкин мигранттарга каршы билдирүүлөрү менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG