Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:34

Харрис Нетаньяхуга Газадагы согушту токтотууга убакыт келгенин айтты


Кошмо Штаттардын вице-президенти Камала Харрис жана Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху. 25-июль, 2024-жыл. Вашингтон.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Камала Харрис жана Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху. 25-июль, 2024-жыл. Вашингтон.

Кошмо Штаттардын вице-президенти Камала Харрис Израил өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну Газада 7-октябрдан бери туткунда жаткан ондогон израилдиктерди бошотуп алуу үчүн ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму менен ок атышуу макулдашуусуна кол коюуга чакырганын айтты.

Харрис Нетаньяху менен "ачык жана конструктивдүү" сүйлөшүүсүндө Израилдин коргонууга укугу бар экенин дагы бир ирет ырастап, ошол эле маалда Газада тогуз ай ичинде набыт болгондордун санына жана ал жактагы "адам чыдагыс" гуманитардык кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Ал согушту токтотуп, макулдашуу түзүү "убактысы келгенин" Нетаньяхуга айтты.

24-июлда Израилдин премьер-министри Конгресттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында жасаган кайрылуусунда ХАМАСты "толук жеңмейинче" согушту улантарын убада кылып, макулдашуу тууралуу так эч нерсе айткан эмес.

АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен бир нече айдан бери Газадагы согушту токтотуу максатында эки тараптын ортосунда тынчтык макулдашуусуна жетишүү аракети көрүлүп келет. Анткен менен андан азырынча жыйынтык чыга элек.

Харрис ХАМАС радикал уюмунун зөөкүрлүгүн да айыптады.

Газадагы согуштун башталышына "хамасчылардын" 7-октябрда Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алышы түрткү болгон. Израил армиясы радикал топту жок кылуу максатында Газада аскердик операциясын баштаган. Тогуз айдан бери анклавда 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.

XS
SM
MD
LG