Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

25 жаштагы Айтургандын өлүмүн милиция териштирип жатат


Айтурган турмушка чыккан учурда тартылган сүрөт.
Айтурган турмушка чыккан учурда тартылган сүрөт.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүн териштирип жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маркумдун жакындары ал күйөөсүнүн ур-токмогунан набыт болгон деп шек санашууда. Жолдошунун айтымында, келин өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алган.

Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Алгачкы экспертизада "Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги" деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.

Айтурган Маматкулова Оштун тургуну. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жүргөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG