Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:01

АКШ Жакынкы Чыгыштагы соңку чыңалуу дипломатия менен чечилет деп үмүттөнөт


Ллойд Остин.
Ллойд Остин.

АКШ Жакынкы Чыгышта курчуган соңку кырдаал дипломатиялык жол менен жөнгө салынганы туура болот деп эсептейт. Бул тууралуу 30-июлда Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин Манилада "2+2" форматында өткөн эки тараптуу жолугушуудан кийинки маалымат жыйында сүйлөп жатып айтты.

Ал Израил менен Ливандагы "Хезболла" тобунун согушкерлери ортосунда куралдуу кагылыш сөзсүз болот деп ойлобой турганын белгиледи:

"Биз баары дипломатиялык аракеттер аркылуу чечилип калышын каалайт элек. Кагылышуу болобу же жокпу, Израил Газа секторунда согушуп, ошол эле учурда Ливанда да кармашууга жөндөмдүү. Израил өзүн өзү коргоо үчүн колунан келгенди жасоодо. Биз ага өзүн коргоого канча жардам керек болсо, ошончолук колдообузду көрсөтөбүз", - деди Остин жана кырдаал толук масштабдуу согушка айланып кетиши ыктымал деген тынчсыздануу баары бир бар экенин кошумчалады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүнө израилдик 12 баланын өмүрү кыйылган ракеталык соккуга "ырайымсыз" катуу жооп берилерин 29-июлда окуя болгон Маждал-Шамс шаарына барганда убада кылган. Ишемби күнкү бул соккудан кийин Жакынкы Чыгышта абал курчуган. Чабуул үчүн Израил бийлиги Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобун айыптоодо, ал өзү соккуга тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Израил соңку он айдан бери Газа секторунда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобуна каршы согуш жүргүзүүдө. Буга ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге бир күндө 1200дөй кишинин өмүрүн алган кол салуусу себеп болгон. Израилдин Газадагы операциясы башталгандан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн бул сектордо каза болгондор 39 миңден ашканын жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG