Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Воронежде дрон чабуулдарынан кийин өзгөчө кырдаал режими жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Украина менен чектешкен Воронеж облусунун айрым аймактарында дрон чабуулдарынан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Анын жыйынтыгында курал-жабык кампасында өрт тутанган.

Облус губернатору Александр Гусев кол салууну Украинадан көрдү. Ал кошумчалагандай, 7-июлга караган түнү чабуул койгон учкучсуз аппараттын баары атып түшүрүлгөн, ал эми кампадагы өрттүн тутанышына дрон сыныгы себеп болгон.

Ал Подгоренский районунун үч калктуу конушунун ондогон тургундары эвакуацияланып, убактылуу баш калкалоо жайларына жайгаштырылганын билдирди.

"Подгоренский районундагы өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуну улантуудабыз. Азырынча убактылуу баш калкалоочу жайларга 50дөй кишини көчүрдүк. Аларга тиешелүү жардам көрсөтүп жатабыз",-деп Гусев Телеграм-каналына жазды.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, украин дрондорунун чабулуна Сергеевка кыштагына жакын жердеги курал-жабдык кампасы дуушар болгон. Ал Воронежден 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Украин маалымат каражаттары жазгандай, дал ушул кампадан орус аскерлери ракета, снаряд жана башка ок-дарылар менен камсыздалып турган. Расмий Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.

Ал арада украин армиясы 7-июлда орус күчтөрүнүн кезектеги аба чабуулдарынын мизин кайтарганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG