Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Улуттук банк телефон шылуундары көбөйүп жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Кыргызстанда соңку учурда телефон аркылуу алдамчылык кылган шылуундарга акчасын алдырган учурлар көбөйгөнүн билдирди.

Анын айтымында, шылуундар социалдык тармактардын мессенжерлерин, жарнама жайгаштырган сайттарды, жаңы телефон номурларын колдонушат.

“Алдамчылыктын ар кандай түрү болушу мүмкүн. Алар көбүнчө өзүн Улуттук банктын же башка коммерциялык банктын, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик мекеменин кызматкерлери катары тааныштырууда. Улуттук банк жарандардан телефон аркылуу эч качан жашыруун маалыматтарды, билдирүүлөрдү жана акчаны коопсуз эсепке которууну сурабайт”, - деди Карабаева.

Расмий өкүлдүн айтымында, жарандар жеке маалыматтарды бекем сактап, шектүү шилтемелерден этият болушу, ал жерге маалымат киргизбеши керек. Мессенжер аркылуу белгисиз номурда келген видео чалууларга жооп бербей, айрыкча видео трансляцияны кошпошу керек. Мындай учурда шылуундар жарандардын жеке маалыматын уурдап алышат.

Улуттук банк жарандардын телефон шылуундарына алданып калбашы үчүн каржылык сабаттуулугун жогорулатуу иштерин улантып жатканын кошумчалады.

“Мессенжерлер аркылуу видео чалуу маалында экранды трансцляция кылуу функциясын иштеткенде шылуунга сиздин телефондо эмне кылганыңыздын баары көрүнөт. Картанын номуру, банктагы акчаңыз, банктан келген билдирүүлөр жана башка маалыматтар. Шылуун аларды алган соң өзү тиркеме аркылуу кирип, жарандын акчасын которуп кетет. Ошон үчүн бейтааныш адамдар чалганда трансляцияны иштетпеңиз”, - деди Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Руслан Шаршембиев.

ИИМдин өкүлү соңку учурда социалдык тармактарда "инвестициялык долбоорго каражат сал" деген чакырыктар аркылуу да жарандардын акчасын уурдап алган учурлар катталып жатканын, мындай аракеттерден этият болууга чакырды.

Кыргызстанда соңку учурда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар, киберкылмыштуулук көбөйгөнү айтылып жатат.

Тиешелүү мамлекеттик органдар, банктар интернет колдонуучулар, жарандар сак болушу керектигин, шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү телефон чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертип келет.

XS
SM
MD
LG