Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:20

"Бир млрд долларга алтын сатылган". Кыргызстан-Швейцария кызматташтыгы


Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Швейцариянын федералдык департаментинин башчысы – тышкы иштер министри Иньяцио Кассистини кабыл алды. 2024-жылдын 3-июлу.
Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Швейцариянын федералдык департаментинин башчысы – тышкы иштер министри Иньяцио Кассистини кабыл алды. 2024-жылдын 3-июлу.

3-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен Швейцариянын тышкы иштер иштер министри (федералдык департаментинин башчысы) Иньяцио Кассисти келди. Ал президент Садыр Жапаров жана кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен жолукту. Кумтөр кени казыла баштаган 90-жылдардан бери бул өлкө элге саясатчылар тарабынан үлгү катары айтылып келген. Кызматташтыктын 30 жылы ичинде Швейцария өлкөдө бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Эки мамлекеттин азыркы таптагы алакасы кандай?

Швейцария Кыргызстандагы тогузунучу ири инвестор

Чолпон-Ата шаарында Швейцариянын федералдык департаментинин башчысы – тышкы иштер министри Иньяцио Кассистини кабыл алуу маалында президент Садыр Жапаров Европадагы бул мамлекеттин өлкөгө берген жардамдарына токтолуп, мындан ары банк жана туризм тармактарында кызматташтыкты бекемдөөнү, ошондой эле, Тоо саммитине көңүл бурууну сунуштады:

“Бизге келген көптөгөн туристтер Швейцария менен Кыргызстандын жаратылышын абдан окшоштурушат. Мен да бул пикирге кошулам. Кыргыз Республикасына болгон сапарыңыздын жыйынтыгында сиз дагы бул пикирге кошулат болушуңуз керек деп үмүттөнөм. Бул көрүнүш биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты илгерилетүүгө чоң потенциал болуп берет деп ишенем. Швейцария Кыргызстандын батыш багытындагы тышкы саясатында маанилүү ролду ээлейт. Ушуга байланыштуу биз Швейцария менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири деп эсептейбиз.”

Жолугушууда 2023-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 100 млн доллардан ашкандыгы белгиленип, бул көрсөткүчтү көбөйтүү ниети айтылды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан былтыр 2023-жылы Европа мамлекеттерине саткан товарлардын 96 пайызы Швейцарияга туура келет. Өлкө Европага 1,2 млрд доллардык продукт экспорттосо, анын ичинен аты аталган мамлекетке 1 млрд 88 млн 212 миң долларга алтын саткан.

Садыр Жапаров кызматташтыктын жемиши катары Ысык-Көл облусундагы сүт азыктарын кайра иштетүүчү “Сүт булак” компаниясын, 20 миллион Швейцария франкына реконструкцияланган Ат-Башы ГЭСин да мисалга тарткан.

Министр Иньяцио Кассисти кыргыз тарапка жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын потенциалы жогору экенин белгилеген. Швейцария эки тарап тең кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин кошумчалаган.

“Эки тараптын ортосундагы өнөктөштүк, алака 32 жылдан бери уланып келатат. Жаңы эле тышкы иштер министри менен жолугуп келдик. Эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр жемиштүү өттү.”

Ошол эле Чолпон-Атада 3-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолуканда Иньяцио Кассисти Швейцария суу, гидроэнегетика тармагында, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, табийгый кырсыктарды алдын алуу багыттарында бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатканын айтты.

“Экономикалык кызматташтык эки мамлекет ортосунда тыгыз өнөктөштүктө өнүгүп жатат. Швейцария Кыргызстандын тогузунучу ири инвестору болуп эсептелет. Мындан кийинки жылдарда бул өнөктөштүктү мында да кеңейтсек болот.”

Кыргызстан менен Швейцариянын тышкы иштер министрлери.
Кыргызстан менен Швейцариянын тышкы иштер министрлери.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз кезегинде Швейцария менен эч бир талаштуу маселе жоктугун, бул мамлекет тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди:

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен экономикалык өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында 2025-жылы соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-швейцария өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 5-жыйынын Кыргызстанда же Швейцарияда өткөрүүгө даяр экенибизди билдирдик. Кыргызстан менен Швейцария тоолуу өлкөлөр болгондуктан, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелерди жана программаларды биргелешип илгерилетип, чогуу иштөөнү макулдаштык.”

Экинчи Тоо саммитин 2027-жылы Бишкекте өткөрүү пландалууда жана расмий Бишкек Швейцариянын бийлигине бул иш-чараны биргелешип өткөрүү сунушун берди.

Президенттик администрациянын тышкы байланыш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков Кыргызстандын Европа мамлекеттери, анын ичинде Швейцария менен кызматташууну кубаттап, алардан айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү багытында үйрөнө турган жетишкендиктер көптүгүн ортого салды:

Данияр Сыдыков.
Данияр Сыдыков.

“Швейцария кызматташтык башталгандан бери Кыргызстанга ири жардам көрсөтүп келаткан мамлекеттердин бири, техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам болуп отуруп, 25 миллиарддай сом жардам бериптир. Бул олуттуу, чоң көлөм жана Швейцариянын бизге болгон кызыгуусун тастыктап турат. Биз үчүн да бул мамлекет менен кызматташуу тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан. Каржы, банк жана туризм тармактарында Швейцария биринчи орундарда турат. Кыргызстанда соңку убакта чет элдик инвесторлорго жана инвестицияга жагымдуу шарттар түзүлө баштады. Коопсуздук системасы дагы жакышырып, инвесторлорго керектүү нукка бурулду. Ага жараша бул өлкөнүн инвестициясы дагы Кыргызстанга көбөйүүдө. Албетте, бул мамлекеттин тышкы иштер министринин бизге келиши кызматташтыкты башка тармактарда да күчөтүүгө негиз түзүп берерине ишенем. Швейцариянын биздин өлкөдө “Хелвитас” деп аталган атайын чоң программасы бар, ал социалдык тармакка, билим берүүгө, саламаттык сактоого чоң көмөк көргөзүп келатат. Кыргызстан туризм, банк системасынан тышкары, айыл чарба багытында да алаканы тереңдетсе болот. Себеби биздин тамак-аш продуктыларыбыз, сүт, эт экологиялык жактан таза, ошондой эле, териден жана жүндөн иштетилген товарларды бул мамлекетке экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм.”

3-июлда Бишкекте Кыргызстанда иштеп жүрүшкөн дипломаттар менен жолуккан маалда Швейцариянын федералдык департаментинин башчысы – тышкы иштер министри Иньяцио Кассисти Кыргызстанга үч каалоо-тилегин билдирди. Алар: (1) өлкө эл аралык оор кырдаалга карабай өзүнүн нейтралитетине негизделген багыты менен кетишин, (2) жакынкы арада Тажикстан менен чек арасын тактоодо орток пикир табышын жана (3) Швейцариянын кыргыз элине суу менен жабдуу, саламаттык сактоо, экономика жана өз алдынча башкаруу тармактарына берип келаткан колдоосу жогоруда айтылган алгачкы эки каалоонун турмушка ашуусуна жардам бериши.

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылдан тартып түзүлгөн. 1996-жылы Бишкекте Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин кеңсеси ачылса, Кыргызстан ошол эле жылы Швейцарияда элчилик ачкан. Швейцария болсо Бишкекте 2012-жылы элчилик уюштурган.

Кыргызстан - Швейцария: 2022 – 2025-жылдарга кызматташтык программасы

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертердин маалыматы боюнча, эки мамлекеттин дипломатиялык мамилелери жакшы нукта өнүгүп жатат, бул мамилелер Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон көп өтпөй эле башталган:

“Эки өлкөнүн мамилеси Кыргызстан Швейцария башында турган Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын добуш берүү тобуна кошулгандан кийин ого бетер бекемделген. Швейцария 2012-жылы элчилигин ачып, бардык каалоочуларга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына жана бул өлкөгө келген швейцариялыктарга консулдук кызматтарды көрсөтө баштаган.

Швейцариянын Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча кеңири программасы бар жана анын бюджети 21 миллион АКШ долларын түзөт. 1994-жылдан бери Швейцария кыргыз элине 520 млн швейцар франкына тете техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам берген. 2022-2025-жылдарга кызматташтыктын жаңы программасынын алкагында Швейцария Кыргызстанга 80 млн швейцар франкын кайтарымсыз берүүнү пландап жатат.

Швейцария Кыргызстандын Өкмөтүнүн жарандардын жашоосун жакшыртууга, демократияны жана адам укуктарын илгерилетүүгө багытталган Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча иш-аракеттерин мындан ары да колдоого ниеттенүүдө. Бул демократияны жана адам укуктарын сүрөп, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча иштерди жасап, жумуш орундарын түзүү дегенди билдирет. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү максатында жасалууда.”

Швейцария Кыргызстанда улуттук өнүгүүгө багытталган төмөндөгүдөй долбоорлорду ишке ашырып келатат.

Жумуш орундары - туруктуу экономикалык өнүгүү

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Швейцария көп жылдардан бери ишкердик климатты жакшыртууга колдоо көрсөтүп келатат. 3500дөн ашык чакан жана орто ишканалар берилген техникалык жардамдын натыйжасында экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшырта алышты. Өнүктүрүү долбоорлорунун бири 90-жылдардын орто ченинде эле Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ийгиликтүү иштеп кеткен “Сүт Булак” жеке компаниясы (“Dairy Spring” соода маркасы). Бул компания швейцариялык инвесторлордун жана жергиликтүү фермерлердин башкаруусу алдында өз ишин улантып келатат.

Суу, инфраструктура жана климаттын өзгөрүүсү

Швейцария 450дөн ашык суу пайдалануучулар ассоциациясына жардам берди. Бишкек, Каракол, Кант, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы 1,5 миллионго жакын жаранга Швейцария ичүүчү суу жана сууну бөлүштүрүү ишин жакшыртты. “Швейцария суу булактарын башкаруу боюнча бийликтин күч-аракеттерине көрсөткөн колдоосун улантууда, бул климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүүгө жардамчы болот,” деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу, элдин турмушу

“Швейцария жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлгөн сапаттуу кызматтарга колдоо көрсөттү, - деп айтылат элчиликтин маалыматында. - Эми жарандар жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесстерге жигердүү катышып, чечимдерди кабыл алуу процесстерине таасир эте алышат. Мунун натыйжасында 76 муниципалитеттеги 700 миңден ашык адам билим берүү, ичүүчү таза суу, таштандыларды жок кылуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, эс алууну уюштуруу, спортту жана маданиятты жакшыртуу долбоорлорунун пайдасын көрүүдө.”

Саламаттык сактоо

Швейцария улуттук бюджетте саламаттык сактоого колдоо көрсөттү. Ушул жана башка колдоонун аркасында азыр Кыргызстандын эли баштапкы медициналык-санитардык жардам системасы тарабынан көрсөтүлүүчү негизги кызматтарды акысыз пайдаланып жатышат. 300дөн ашык медициналык мекемеге инфекциялык көзөмөл системасы киргизилип, медициналык калдыктар стандарттарга ылайык жок кылынууда. Медициналык кызматкерлердин квалификациясы тынымсыз өсүп, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын акырындык менен жакшыртууга салым кошууда. Баштапкы медициналык-санитардык жардам системасы айылдык ден соолук комитеттери менен кызматташтыкта өнөкөт ооруларды жакшыраак дарылай башташты, мунун натыйжасында калктын ден соолукту чыңдоо маселелеринде сабаттуулук деңгээли жогорулап, адамдар сергек жашоого умтулуп жатышат.

Искусство жана маданият

Швейцария жыл сайын онго жакын жергиликтүү жана эл аралык маданий иш-чарага колдоо көрсөтүп келет. “Бишкек джаз фестивалы”, “Бир Дүйнө” даректүү тасмалардын фестивалы, музыкалык концерттер, кино көрсөтүүлөр, театралдаштырылган оюн-зоок жана көргөзмөлөр менен коштолгон “Достук” балдар фестивалы буга далил.

2022-2025-жылдардагы иш багыттары

Инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүү

“Жеке сектор экономикалык өнүгүүнүн, өсүштүн жана жумуш орундарын түзүүнүн пайдубалы болуп саналат” деп айтылат элчиликтин маалыматында.

“Мыйзамдарды өркүндөтүп, ишкердик климатты жакшыртуунун эсебинен Швейцария жеке сектордун туруктуулугун арттырууга колдоо көрсөтүүдө. Ошондуктан Швейцария өлкөнүн инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүсүн колдойт. Биз ишканалар капиталга, бизнес кызмат көрсөтүүлөргө жана квалификациялуу жумушчу күчүнө көбүрөөк жетүүгө жардам беребиз. Бул текстиль өнөр жайында, туризмде, агробизнесте экспорттук потенциалды жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет. Мындан тышкары, Швейцария тигүү өнөр жайы үчүн кадрларды даярдоо боюнча окуу борборлоруна, Ысык-Көл облусунун туроператорлоруна жана өлкөнүн түштүгүндөгү дыйкандарга да колдоо көрсөтүп келет. Ошол эле учурда Швейцария алыскы аймактарда жашаган аялдардын жана жаштардын ишкердик сапаттарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.”

Мамлекеттик башкаруу, адам укуктары жана кызмат көрсөтүү

2022-25-жылдардагы программада “ак ниет башкаруу өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги мааниге ээ” деп айтылат.

“Атап айтканда, - деп уланат маалыматта, - ал адамдарга, анын ичинде калктын эң аялуу топторуна көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана актуалдуулугун арттырууга көмөктөшөт. Дал ушул себептерден улам Швейцария Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленгендей, жарандардын өз жашоосуна таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусуна колдоо көрсөтүп келүүдө. Мамлекеттик каржыны башкаруудагы отчеттуулук мамлекетти майнаптуу башкарууда жана туруктуу өсүштө негизги факторлордун бири болуп саналат. Ошондуктан, Швейцария Кыргызстанды кирешелерди мобилизациялоо жана пландаштыруу, фискалдык туруктуулук жана мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу маселелеринде колдоп келет.”

Суу, инфраструктура жана климаттын өзгөрүүсү

Программада суу, климаттын өзгөрүүсүнө өзгөчө маани берилген.

“Улам өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында ичүүчү суу жана санитария, сугат суу жана гидроэнергетика чечүүчү мааниге ээ, - деп айтылат маалыматта. - Швейцария Кыргызстандын бийлигин Суу кодексин ишке киргизүүдө колдойт, себеби бул мыйзамда суу булактарын стратегиялык жактан башкаруу, климаттын өзгөрүү кесепеттерине даяр болуу чаралары каралган. Швейцария таза сууга жана суу бөлүштүрүү кызматтарын жакшыртуу менен, Бишкек, Каракол жана Нарын шаарларында таза суу куурларын жаңыртууга жардам берүүдө.

Швейцария ошондой эле Ат-Башы ГЭСин модернизациялоого, ошондой эле бала бакчалардын имараттарда энергияны сактоого багытталган реформаларга салым кошууда”.

Кыргызстандагы швейцариялык долбоорлордун тизмеси

Инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүү

• Кыргыз Республикасында текстиль соодасын илгерилетүү боюнча глобалдык программа

• Инвестициялар жана экономикалык өсүш боюнча долбоор

• Экологиялык жана социалдык маселелерди башкаруу программасы

• Борбор Азиядагы финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн регионалдык программасы

• Чакан бизнести өнүктүрүү демилгеси

• Алай жана Чоң-Алай райондорунда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү

• Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү программасы

• Финансы секторун өнүктүрүү боюнча трасттык фонддун долбоору

• Ысык-Көл облусунда/Караколдо туруктуу кышкы туризмди өнүктүрүү долбоору

• Каржы багытындагы санариптик кызмат көрсөтүүлөр долбоору

Мамлекеттик башкаруу, адам укуктары жана кызмат көрсөтүү

• Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча коалицияга колдоо

• Өнүктүрүү максаттарында жарандык катышуу

• Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу

• Карызды башкаруу жана финансылык отчеттуулук системасы

• ЭВФтин аймактык техникалык жардам борборлору

• Бишкектеги ЕККУнун академиясына колдоо

• Аракет: жаңы конуштардагы турмуш шартты жакшыртуу

• Борбор Азия-Казакстан коридорунун коопсуз жана квалификациялуу миграциясына регионалдык көмөк көрсөтүү

• Саламаттык сактоого колдоо

• Медициналык билим берүү реформалары

• Жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алардын алдын алуу

• Саламаттык сактоо уюмдарынын өз алдынчалыгы

• Борбор Азиядагы искусство жана маданиятка колдоо көрсөтүү программасы

Суу, инфраструктура жана климаттын өзгөрүүсү

• Суу менен камсыздоо, суу бөлүү долбоору (Бишкек, Каракол, Нарын)

• Ат-Башы ГЭСин калыбына келтирүү долбоору

• Коомдук имараттардын энергетикалык эффективдүүлүгү

• Энергетика секторун модернизациялоо

• Суу ресурстарын Улуттук башкаруу долбоору

• Элеттик жамааттарды табигый кырсыктардын тобокелдигинен коргоо

Дүйнөлүк азык-түлүк программасына көмөктөшүү

• Нарын шаарын өнүктүрүү долбоору

• Борбор Азияда тобокелдиктерди инновациялык жол менен башкаруу (SAPPHIRE Central Asia)

• Борбор Азиянын энергетика жана суу ресурстарын өнүктүрүү программасы (CAWEP)

• Борбор Азияда криосферага регионалдык байкоо жүргүзүү жана адаптациялоону жакшыртуу (CROMO-ADAPT)

• Биокөптүрдүүлүктү каржылоо боюнча регионалдык демилге (BIOFIN).

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG