Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Казак ишкери Грекиядагы өрт боюнча тергөөгө катышууга даяр экенин айтты


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Казакстандык бизнесмен Данияр Абулгазин Грекиядагы өрт кырсыгына байланыштуу айтылып жаткан айыптоолор боюнча комментарий берип, «Персефони I» яхтасын ижарага алганы чын экенин билдирди жана тергөө менен кызматташууга даярдыгын айтты. Анын билдирүүсүн 1-июлда Forbes Kazakhstan журналы жарыялады.

Ал окуя тууралуу «так эмес» жана «адаштыруучу» маалымат айтылып жатканын, яхтаны өзүнө жана конокторуна Грекиянын аралдарына круиз уюштуруу үчүн 15-22-июнга ижарага алганын, эч кимиси өрттүн чыгышына себепкер болбогонун, кетип жатканда жергиликтүү бийлик эч кандай доомат айтпаганын билдирди.

“Ал жактан кайтып келгенден кийин басма сөздө айтылган айыптоолорду угуу биз үчүн күтүүсүз окуя болду. Кандайдыр бир мыйзам бузуу болгону тууралуу маалыматтарды четке кагам. Биз ар дайым бардык зарыл коопсуздук чараларын карманабыз жана мындай окуяларды болтурбоо үчүн мыйзамдарды, эрежелерди так аткарабыз. Грекия бийлиги менен алар жүргүзүп жаткан иликтөөсүнүн алкагында кызматташабыз”, - деди Абулгазин.

Грекиянын Сароникос булуңундагы Гидра аралында 21-июнда тутанган өрт карагай токойдун көпчүлүк бөлүгүн жок кылган. Грекия бийлиги 54 метрлик «Персефони I» яхтасында эс алгандар жээкте турганда салют жана фейерверк атканын, өрт ошондо тутанганын айтып жатат. Кырсыкка байланыштуу аталган яхтада иштеген 13 жергиликтүү тургун кармалганы айтылган.

“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” долбоору (OCCRP) жана казакстандык «Власть» басылмасы эс алуучулардын жетөө казак жараны экенин аныктаган. Алар менен чогуу Польшанын эки жана Улуу Британиянын бир жараны болгону айтылууда.

27-июнда Грекиядагы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) грек прокуратурасы яхтанын сегиз эс алуучусуна «өрт коюуга катышкан» деген айып такканын жазышкан. Айрым басылмалар алар казак жарандары экенин белгилешкен.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 24-июндагы билдирүүсүндө өрт кырсыгына байланыштуу кармалгандар арасында казак жарандары жок экенин баштапкы кабарларга таянып маалымдаган». (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG