Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:51

"Кичи пейил келин болчу". Мүлк талаштан кыйылган күлгүн өмүрлөр


Маркум келин үй-бүлөсү менен
Маркум келин үй-бүлөсү менен

Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында 27 жаштагы келиндин эки баласы менен кайнагасынын колунан ажал тапканы Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарып, талкууну күчөттү.

Үч кишинин бейажал өлүмү менен аяктаган оор кылмыш Ак-Башат айылынан үч чакырым жердеги сарайда 23-майдын түнүндө болгон.

Кандуу окуя болгон үйдүн короосу.
Кандуу окуя болгон үйдүн короосу.

"Мен келгенде келиндин бети жабылып жатыптыр. Мына балтанын издери, кан. Балдары бул жерде жатыптыр. Анан сөөктү ушул терезеден алып чыккан окшойт", - дейт маркумдун кошунасы.

Милиция кандуу окуяга бир ага-ини ортосундагы мүлк талаш себеп болгонун, шектүү кандуу окуядан кийин тоо тарапка качып кеткенин, кармоо учурунда жок кылынганын билдирди.

“23-май күнү саат болжол менен 23:00 чамасында 1976-жылы туулган жаран эски таарынычын эстеп, өч алуу максатында инисинин үйүнө барган. Иниси талаа жумуштары менен алектенип, үйүндө жок болуп калган".

Ошол учурда шектүү инисинин 27 жаштагы аялын, төрт жаштагы кызын жана эки жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда.

"Шектүү жаран мурун адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен соттолгон 1976-жылы туулган К.Н. экендиги такталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн тоо аралап качып кетүүгө аракет кылганы аныкталган", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кандуу окуя болгон Айтматов районунун Ак-Башат айылы.
Кандуу окуя болгон Айтматов районунун Ак-Башат айылы.

Шектүүнүн айылдаштары аны маңзатка көз каранды адам болгонун айтып жатышат.

Маалыматка караганда, 2018-жылы мүлк талаштын айынан бир тууган инисине бычак менен кол салып, Кара-Буура райондук сотунун чечими менен “адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси” боюнча сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Ал беш жыл абакта отуруп, 2023-жылы март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыккан.

"Азаттык" Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине кайрылганда шектүү тууралуу мындай маалымат алды:

"Пробациялык көзөмөл учурунда К.Н. эч кандай эскертүү алган эмес. Ал эми 2024-жылы 14-майда пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу бул органдын каттоосунан чыгарылган", - деп жооп берди мекеменин басма сөз кызматы.

Каза болгон келин ошол эле Ак-Башат айылында 1997-жылы туулган. Төрт бир туугандын үчүнчүсү. Айылдаштарынын айтымында, ал 2013-жылы айылдагы мектептен 9-классты аяктап, Бишкек шаарындагы кесиптик окуу жайлардын биринде окуган. 2018-жылы өзү туулуп-өскөн Ак-Башат айылына турмушка чыгып, бир кыз, бир уулдуу болгон. Кызы эми гана төрткө, уулу экиге араң толгондо бейажал өлүм таап отурат.

Маркумдун ата-энеси журналисттер менен сүйлөшүүнү каалашкан жок. Атын атагысы келбеген айылдашы маркум тууралуу буларды айтты:

"Ал мүнөзү ачык, адам менен бат тил табыша алган шайыр жан эле. Абдан кичи пейил, сулуу кыз болчу. Бир да жолу бирөө менен урушканын көргөн эмесмин".

Маркум келин балдары менен
Маркум келин балдары менен

Маркум келин балдары менен 25-майда Ак-Башат айылында жерге берилген. Ал эми аларды өлтүрүүгө шек саналган адамдын сөөгүн айылдаштары кыштакка жолотпой койгондуктан, туугандары башка айылдын мүрзөсүнө көмүүгө аргасыз болгон.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үрөй учурган окуядан улам сот органдарынан жана Юстиция министрлигинен пробациялык көзөмөлдү колдонуу маселесине чукул арада көңүл бурууну талап кылды. Ал 25-майда жарыялаган кайрылууда оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробациялык көзөмөлдү колдонуу тажрыйбасын кылдат иликтеп, кайра текшерүү керектигин билдирди:

Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

"Бул окуя кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин өч алуу максатында зордук-зомбулукка кабылган адамга келип, кайрадан оор кылмыш жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес. Мамлекеттик органдар коомду жана зомбулуктан жабыркагандарды пробацияга алынган кылмышкерлерден коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш".

Кыргызстанда аялдар өлтүрүлгөн учурлар буга чейин да болуп келген.

Ушул эле жылдын апрель айында Бишкектин четиндеги Кут жаңы конушунда 34 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынан 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал дагы киши колдуу болгон. Милициянын маалыматына караганда, шектүү катары аны менен бирге жашаган 52 жаштагы эркек кармалган.

Ал эми өткөн жылы сентябрдын соңунда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын тагдыры коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел ага чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы белгилүү болгон. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот шектүүнү пробация менен бошоткону белгилүү болгон. Сокулук райондук сотунун судьясы аны “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталып, мындай ыкманын колдонулушунун оош-кыйышы.

Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG