Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

UWW Айсулуу Тыныбекованы дүйнөдөгү мыкты балбан деп тапты


Айсулуу Тыныбекова кезектеги алтын медалы менен. Бишкек, Кыргызстан. 2024-жылдын 14-апрели.
Айсулуу Тыныбекова кезектеги алтын медалы менен. Бишкек, Кыргызстан. 2024-жылдын 14-апрели.

Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Айсулуу Тыныбекованы апрель айынын мыктысы деп тапты. "Тыныбекова Сакура Мотокиден өтүп, ага каршы чабуулдарынын жыйынтыгында Азия чемпионатында финалда аны 9:6 менен жеңип алды" деп айтылат UWW уюмунун маалыматында.

Грек-рим күрөшүнөн апрелдин мыктысы деп Бишкекте өткөн Азия чемпионатында финалда Акжол Махмудовду утуп алган жапон балбан Нао Кусака аталды.

Өткөн отчеттук мезгил аралыгында Олимп оюндарына Европада да, Азияда да лицензиялык мелдештер өткөн, алардын бири Бишкекте болду.

Айсулуу Тыныбекова Бишкектеги соңку алтын медалы менен Азиянын алты жолку чемпиону болду. Былтыр 22-сентябрда Белградда өткөн Дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнөнүн мыктысы болгон.

Быйыл Парижде өтө турган Олимп оюндарында ал баш байгеге татыктуу талапкерлердин бири. Ушул тапта Кыргызстанда Париж оюндарына 9 лицензия бар.

19-21-апрелде Бишкекте өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинин акыркы күнүндө балбан Амантур Исмаилов лицензия уткан. Балбандар Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова жолдомого ээ болушту.

Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андан тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатында Олимпиадага катышууга укук алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG