Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Ташиев Матраимов мамлекетке 200 млн доллар кайтарышы керек экенин айтты


Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарында. 16-май, 2024-жыл.
Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарында. 16-май, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери бүткөнүн, бирок мындай адамдар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 16-майда Кара-Суу шаарында сүйлөгөн сөзүндө айтып, Райымбек Матраимов мамлекетке 200 млн доллар бериши керек экенин кошумчалады.

“Биз Райымбек Матраимовдорду биринчи кармаганда 2 млрд 200 млн сом төгүп чыгышкан. Ошондо “мындан ары криминалдык аракеттерди жасабагыла, мамлекетти талап-тонобогула, Бажы кызматына жарым кадам да жакындабайсың” деп жеке өзүм шарт койгом. “Макул” деп кетишкен. Жарым жыл, бир жыл карадык кайра эле баштап алышты. Бажыдагы кадрлары аркылуу мурдагыдан да көп уурдай баштады. Бандиттер, Ысык-Көлдөгү мыйзамдагы ууру Көлбаев менен дос болуп кетишти. Кошулуп алышып ишкерлердин баарын коркутуп-үркүтүштү. Биз анан чара көргөнгө мажбур болдук. Райымбек Матраимовдун моюнуна 200 млн доллар “илинген”. Бул деген 19-20 млрд сомго жакын акча”, - деди ал.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ушул тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

Ош шаардык соту мурдагы бажычынын инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган. Агасы Тилек Матраимов апрель айында үй камагына чыккан.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG