"Эмне болуп жыгылганы белгисиз"
Асановдун адвокаты Эркин Бөлөкбаевдин айтымында, абакта отурган саясатчы эки жума мурун жыгылып кетип, моюн омурткалары жабыркап, учурда ооруну басаңдатуучу дарылардын күчү менен жүрөт. Дарыгерлер ал чукул операцияга муктаж деген тыянак чыгарган:
“Кулап, башы менен урунуптур. Эмне болуп кулаганын билбейм. Моюн омурткаларында залака келиптир. Өткөн төртүнчү күнү томографияга тарттырдык. Улуттук госпиталдын дарыгерлерине көрсөтсөк, "тез арада операция кылыш керек" дешти”, - деди жактоочу.
Саясатчынын жакындары да ага ооруканага дарылатууга уруксат берүүнү суранып жатышат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчынын ден соолугу жөнүндө маалымат бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кат түрүндө кайрылууну сунуштады.
Кыйноолорго каршы улуттук борбордон Асанов боюнча кайрылуу түшпөгөнүн, бирок жакынкы күндөрү абалын билүүгө кызматкерлер кирип чыгарын билдиришти.
"Күнөөбүз болсо, ачык соттогула"
Сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыров №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которулганы маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, бул кыйноонун бир түрү экенин белгилешкен. Алардын жакындары абактагылардын саламаттыгына тынчсызданып келет.
Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров буларды айтып берди.
"Алар Кемпир-Абад үчүн отурабыз деп эсептешет. Ошондуктан позициябыздан тайбайбыз дешти. Болгону, азыр сотту ачык кылгыла деп кайрылып жатышат. "Күнөөбүз болсо ачык соттогула" дешет. Атам менен жактоочу аркылуу байланышып жатабыз. Анын организминде канттын деңгээли көтөрүлүп кетет. Бирок дарыланган жок. Өзүн карманып турат", - деди ал.
Оппозициялык саясатчы Бектур Асанов бул иштен сырткары Июнь окуясы боюнча дагы айыпталып жатат. Ал боюнча ишти да Биринчи Май райондук соту кароодо.
54 жаштагы Бектур Асанов Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору болгон.
Президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, 2016-жылы “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен кармалган. Ошол кезде Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 12 жылга кескен. Бийлик алмашкандан кийин, 2019-жылы февралда сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон.
Сот эмнеге жабык өтүп жатат?
“Бийликти басып алууга” айыпталган отуздай саясатчы, активисттердин ондон ашыгынын абакта жатканына бир жылдан ашты. Шектүүлөрдүн иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда.
19-декабрда Кемпир-Абад иши менен айыпталгандар президент Садыр Жапаровдун курултайда “кемпирабадчылар” тууралуу айткан сөзүнө байланыштуу кайрылуу таратышты. Анда алар чет өлкөдөн акча алганы тууралуу президенттин айтканына далилдүү маалыматтарды талап кылган. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, үй камагына чыккандардын бири Улукбек Маматаев буларга токтолду:
“Иш боюнча 60тан ашык том бар, баарын карап чыкканбыз. Кечээки президенттин айткан сөзү боюнча иш жок. Эми бул маалыматты айткандан кийин президент өзү көзөмөлдөп, ага туура эмес маалымат жеткиргендерди такташы керек. Өзү көзөмөлдөсө, бул сот батыраак бүтмөк. Абактагылардын көбү ооруп жатат. Мына, жакында эле Бектур Асанов катуу ооруп, тез арада операция керек деп жатышат", - деди Маматаев.
16-декабрдагы курултайда делегаттардын бири Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу маселе көтөргөн. Президент Жапаров сот эмне үчүн жабык өтүп жатканына минтип жооп берген:
“Муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда, ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп, мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. “Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз” деп айтышты”, - деди президент.
Жапаров сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган жалпы 27 кишинин 11и азыр тергөө абагында жатат. Калгандары ар кандай жагдайда үй камагына чыгышты. Кемпир-Абад иши июнь айында тергелип бүтүп, сотко өткөнү менен, териштирүү толук баштала элек. Милиция кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгондуктан, маалымат берилбейт жана сот жабык өтөт.
Бул ишке айыпталып жаткандарды милиция “бийликти басып алууга аракет кылган” деп күнөөлөп, жетиштүү далилдер бар экенин айткан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташат. Кыргызстанда сын айткан саясатчы, активисттердин жапырт камалышына адам укугу багытындагы эл аралык уюмдар камтамалык билдирип жатат.