Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

ККМ жана патент: Бийлик чараларын жумшартты, бирок эскертүү берди


Базардагы соодагерлердин митингдери жана аткаруу бийлигинин жетекчилери (Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров). "Азаттыктын" коллажы.
Базардагы соодагерлердин митингдери жана аткаруу бийлигинин жетекчилери (Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров). "Азаттыктын" коллажы.

Кыргыз өкмөтү туташ нааразылыктардан соң салык саясатына байланыштуу чараларын жумшартты. Патент системасын дагы алты айга калтыра турган болду. Ири базарларга да жеңилдиктерди берип, айып пул салууга мораторий киргизди.

Ошол эле маалда президент Садыр Жапаров нааразылыктардын артында "башка күчтөр" турарын айтып, митингдер улана берсе, эң ири “Дордой” базарына Кумтөр сыяктуу тышкы башкаруу киргизерин эскертти. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев болсо базар ээлерине чара көрүлөрүн кыйытты.

Нааразылыктар жана эскертүүлөр

Салыктык саясатка каршы соңку нааразылыктар өлкөдө ноябрдын аягында башталды. 29-ноябрда Оштогу “Кара-Суу” базарынын соодагерлери акцияга чыкса, 30-ноябрда Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, “Орто-Сай” базарларында иштегендер митинг өткөрүштү.

“Дордой” базарында нааразылык акцияга чыккан соодагерлер. 30-ноябрь, 2023-жыл.
“Дордой” базарында нааразылык акцияга чыккан соодагерлер. 30-ноябрь, 2023-жыл.

1-декабрда акция кеминде беш шаарга жайылды. Бул күнү Бишкектеги “Аламүдүн”, “Таатан”, “Чынар” базарларынын, Оштогу борбордук базардын, Талас, Каракол жана Кара-Балта шаарларындагы жергиликтүү базарлардын сатуучулары нааразылыкка чыгышты.

2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган. 5-декабрда “Дордой” базарында жана баш калаадагы Максим Горький атындагы гүлбакта митингдер өттү. Бул күнү ошондой эле “Ош” базарынын айланасындагы “Берекет Гранд” соода борборунун соодагерлери, Нарында базарда иштеген ишкерлер да акция өткөрүштү. Бишкекте парктагы митинг 6-декабрда да уланды.

Соодагерлер Салык кызматы киргизген көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршылык билдиришти.

Бул эреже мурдараак киргизилгени менен ишкерлер патент менен иштеп жаткан. Бирок 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патент таптакыр жоюлуп, ишкерлер толугу менен ККМге өтүшү керек болчу.

Ишкерлер бул аппарат менен иштөөнүн түйшүгү көп экенин, кошумча бухгалтер же башка адис жалдоого аргасыз болуп жатканын жана Салык кызматынын онлайн сайтындагы виртуалдуу кампада иштөө татаал болуп жатканын жүйө келтиришти. Алар ошол себептүү патентти мурдагыдай эле калтырып, калган эрежени жеңилдетүүнү же жоюп салууну талап кылышты.

Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында. 5-декабрь, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында. 5-декабрь, 2023-жыл.

5-декабрда “Дордой” базарынын соодагерлерине президент Садыр Жапаров өзү барды. Мамлекет башчы анда ишкерлердин жүйөсүн угуп, базардагы соодагерлерге 2024-жылдын июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин жарыялады. Ал ошондой эле буга чейин жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер негизги салыктардан бошотулганын белгилеп, бул чекти 15 млн сомго көтөрүү чечими кабыл алынганын айтты.

Анда чыгып сөз сүйлөгөн ишкерлердин бири бул шарт эч кандай жеңилдик бербей турганын белгилеп, патенттин акысын көтөрсө да ошол бойдон калтырууга чакырды.

“Бул жерде ККМ, патент, контейнерлердин акысы жана “өзгөчө режим” сөз болуп жатат. Биз эмне үчүн ККМге жана “өзгөчө режимге” каршыбыз? Себеби, алар ишкерлердин ишине бут тосот. Кассалык аппарат жаңылык эмес. Ал Союз учурунда да болгон. 2005-жылы да анын жаңы түрүн киргизебиз деп чыгышкан. Ошондо казактар Кордойго базар ачып, биздин соодагерлерди ошол жакка жапырт чакырган. Ошо менен бизде кайра токтогон. Азыр биз муну менен иштөөдө алдын ала 4 млн, 8 млн, 15 млн же 100 млн сом соода кылабыз деп тандап алышыбыз керек болот экен. Бирок бизге ошол жылы ошончо соода кыла аларыбызга ким кепилдик берет? Ал жерде товар кечигип келет, калдык болуп калат, сатылбай калат. Сезон өткөн соң товар кийинки жылга калат. ККМ ишкерди жыгат. Ишкер жыгылган соң кыргыз экономикасы кулайт. Бул жерде “ишкерлер патентке 4-5 миң сом төлөп, ошо менен кутулуп кетип жатат” деген сөздөр айтылып жатат. Чоң сумма айлантуу үчүн чоң товарды сатып аласың, бажыдан төлөмүн төлөп алып келип жатабыз. Андан сырткары жер ижарасы, сакчы, ташып келүү жана башка кызматтарыбыз бар. Эгер патенттин акысы аз деп атсаңар анда ошол 2-3 миң долларлык деп жаткан ижара акынын эсебинин негизинде акысын чыгаргыла. Бирок башкысы патентти калтыргыла”,- деди аты-жөнүн атабаган ишкерлердин бири.

Жапаров эл менен жолугушкан маалда бул нааразылыктарды "өз кызыкчылыгына" пайдаланып, "революция уюштургусу келген топтор" бар экенин айтты. Ал ишкерлерди ийге келүүгө чакырып, атайын комиссияда жарым жыл талкуулап, соңку чечимди ошондон кийин кабыл алынарын маалымдады.

Садыр Жапаров 6-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда ушул эле маселелерди кайталады. Ал нааразылыктар улана берсе, мамлекет эң ири “Дордой” базарынын ишине кийлигишерин эскертти:

“Бул маселеге мен өзүм киришпесем болбой калды окшойт. Кечээ тапшырма бердим. Комиссия түзөлү. Комиссияга мүчө кылып ар бир базардан, адаттагыдай базар ээлерин же контейнерлери бар байларды эмес, жөнөкөй соодагерлерден кошолу, анан 1-июлга чейин абдан кылдат иштеп чыгалы. Анан ККМ киреби же башка бир жолун табабызбы, айтор, чечим кабыл алабыз. […] Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз. Мурдагыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп атам. Анткени баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим”, – деди Жапаров.

Президент өз сөзүндө, ККМди базарларга киргизүүнүн максаты көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу экенин белгиледи. Ал Кытайдан Кыргызстанга өткөн товарлардын көлөмү 14 млрд долларды түзөрүн, кыргыз статистикалык органдарга келгенде 4 млрд доллар болуп калып жатканын кеп кылды. Мамлекет башчы ошондой эле бул нерсе патент менен эч качан ачыкка чыкпай турганын, бир гана кассалык аппараттарга жардам берерин да айтты.

Базар ээлерине жолдонгон сөз

Президент Садыр Жапаров базарларда контейнер ээлери ар бирин 3000 доллардан 13 миң долларга чейин ижара берерин, бирок бир тыйын да мамлекетке салык төкпөй турганын белгилей кетти. Ал “ондон ашык контейнери бар мурдагы чиновниктер да бар экенин, элден сот, прокурор, УКМКнын кызматкерлеринин да контейнерлери бар деген маалыматтарды алганын" кошумчалады.

Бул арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы базарларда болгон нааразылык акциялары тууралуу пикирин айтып, элди чагымчыларга алданбоого чакырды. Бул тууралуу ал 6-декабрда атайын кызматтын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып айтты:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Бүтүндөй республика боюнча ири соода-сатык комплекстердин жана базарлардын ээлери өлкөнүн эң бай адамдары. Булар кимдер? Булар - Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башкалар. Бул адамдар акыркы 30 жылдан бери ушул базарларды кармап келе жатышат жана алардан эбегейсиз киреше алып, чоң байлык топтошкону баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө дагы ошол байлыкты топтоп отурушат. Ошол эле мезгилде булар мамлекетибизге, соодагерлерге, кол астында иштеп жаткандарга болгон мамилесин өзгөрткөн жок. Алар соодагерлер чоң суммада акча төлөп жатканы менен көпчүлүк базарларда жөнөкөй эле шарттарды түзүшкөн жок. Ошонун эсебинен митингдер чыгып жатат. Буга байланыштуу соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керек. Мындан тышкары, Көзөмөл-кассалык машинелерди сатып алууда кыйналган чакан ишкерлерге акысыз берилиши керек”, – деди анда атайын кызматтын башчысы.

Камчыбек Ташиев өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы базарлардын соодагерлери ККМге каршы чыгып жаткан митингдерди "айрым чагымчылдар саясатка айландыргысы" келип жатканын кошумчалады.

Атайын кызматтын башчысы "Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп эскертти.

Базарлардын ээлери деп аталган кишилердин айрымдары мурда ар кандай жооптуу кызматтарда отурган, айрымдары азыр мамлекеттик кызматта же парламентте депутат. Кээлери камакта.

Ташиев атын атаган Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова "Азаттыкка" берген комментарийинде, "ал ээлик кылган Кара-Суудагы "Тураталы эл базарын" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары тартып алганын, ушул күнгө чейин соттошуу уланып келатканын" айтты.

Чолпон Султанбекова
Чолпон Султанбекова

“Жеке мүлктү Конституция, мамлекет коргошу керек. Ага (ред: базарларга) тышкы башкаруу киргизип койсо рейдерликке жатып калат го. Бул туура эмес. Мисалы, сиздин үйгө эле бирөөнү киргизип койсо болобу? Ушундай эле да. Мамлекет жеке ишкердин тапкан мүлкүн, кирешесин коргоп бериши керек. Тыштан башкарууну мамлекеттик ишканаларга гана киргизсе болот”, - деди Чолпон Султанбекова.

Бишкектеги "Кудайберген" базарына ээлик кылган ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, өкмөт ишкерлерге ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөгөнүн айтты. Ал соодагерлер ККМден да биринчи электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга (ЭТТК-ЭТТН) каршы чыгып жатышканын, соодагерлер аны колдонуу өтө эле оор экенин айтып жатышканын билдирди. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир жыл мурун эле көтөрүлгөнүн, бирок тиешелүү чаралар көрүлбөгөнүн кошумчалады.

Депутат Сурабалдиева базарларга тышкы башкаруу киргизүү демилгеси мыйзамсыз экенин белгиледи.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

“29-ноябрда Ошто биринчи Кара-Суу базарынын соодагерлери ККМди колдонууга каршы митингге чыгышты. Ошондон кийин Салык кызматы “Кара-Суу менен “Дордой” базарынын соодагерлери базардын ичинде ККМди колдонбой эле койсо болот” деп маалымат берди. Ушундан кийин башка базарлардын ишкерлери да, "митингге чыксак талабыбыз аткарылат экен" деп ойлоп калышты. Ишкерлер ККМге каршы чыкса өкмөт өзүнүн кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти базардын ээлерине оодарганы туура эмес. Митингдер тууралуу мүмкүн президентке убагында маалымат берилбей калган чыгар. Митингге чыккан соодагерлерди УКМКга суракка деле чакырышты. Өлкөдөгү миңдеген ишкерлерди суракка алганы менен деле маселе түшүндүрүү иштеринде болуп калды. Ишкерлер деле 30 жылдан бери патент менен иштеп келишкенин айтып, бара-бара санариптештирүүгө өтүү керек экенин түшүнүп атышат”.

Жумшарган чаралар

Кыргызстандын салык системасында мурдараак жарым-жартылай ишке ашып келаткан ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ инструменттери иш жүзүндө 2021-жылдан баштап толук кирди. Так ошол жылы июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп, октябрда жетекчиси болгон Акылбек Жапаров бул реформалардын автору катары мүнөздөлүп келет.

Ага чейин колдонулуп келген көзөмөл-кассалык машинелердин жаңы стандарттагы 2021-жылдын 1-июлунан тартып киргизилип, 2022-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы Салык кодексинде бул талап милдеттүү түрдө бекитилет. Болгону ишкерчиликтин айрым түрүнө 2023-2024-жылдарга чейин убакыт берилген. Калгандары аны колдонбосо кайсы бир суммада айып пул салынып турду.

Бирок ошондон бери Кыргызстандын аймагында улам-улам нааразылыктар чыгып турду. Өзгөчө Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда 2021-жылы да, 2022-жылы да, 2023-жылдын башында да ар кандай формада акциялар болду. Ноябрдын аягындагы жана декабрдын башындагы нааразылыктардын масштабы бийликти айрым чечимдерин кайра карап чыгууга аргасыз кылгандай болду.

Соңку нааразылыктардын алгачкы күндөрү Салык кызматы билдирүү таратып, “Дордой” менен "Кара-Суу" базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн жана электрондук эсеп-фактураны колдонбой турганын жарыялады. Албетте, анын да ньюанстары бар. Тагыраагы бул базарларда товар саткан ишкерлер айрым жагдайларда бул эрежелерди колдонууга милдеттүү бойдон калат экен.

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов бул жөнүндө мына буларды билдирген:

Исламбек Кыдыргычов
Исламбек Кыдыргычов

"Негизинен “Дордой” жана "Кара-Суу" базарлары жаңы “өзгөчө режимге” кирип, ошо менен иштесе жана ичинен бири-бирине сатса ККМ, ЭТТК жана ЭСФ колдонулбайт. Бирок өзүңүздөр билесиздер, мисалы, Бишкектеги бутиктер “Дордойдон” сатып алып, Бишкектеги соода борборлорунан сата турган болсо анда бул “өзгөчө режимден” тышкары деп эсептелет да. Алар келип, базардын аймагынан сыртка алып чыгып кетсе анда эсеп-фактура жаздырып кетиши керек. Анткени ал өзүнүн товарын далилдей албай калат. "Дордой" негизинен экспорт менен иштейт, эгерде иш ошол бойдон кетсе, анда бул документтерди колдонуусуз эле иштей берет", – деп тушүндүргөн.

Кыдыргычов муну улай эле 4-декабрда “Азаттыктын” “Арай көз, чарай” талкуусуна катышкан учурда Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилгенин айтты. Башкача айтканда, өкмөт бул жагынан чараларын жумшартты.

Бийлик ошондой эле сатылган мүлкүнө киреше салыгын төлөбөй калган жарандарды текшерүүнү убактылуу токтотту. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул күндөрү кол койду.

Мунун алдында айрым тургундар бир нече жыл мурда сатып жиберген үйүнө же машинесине салык төлөбөгөнү үчүн эскертүү алганын айтып чыгышкан. Салыкчылар жарандарга телефондон байланышып, же мүлктү каттоого барган учурда маалымат берип жаткан. Алар тургундар сатып алган мүлкүн бир жыл ичинде кайра сатса, андан тапкан пайданын 10% салык катары төлөшү керектигин, антпесе айып пул менен үстөгүн кошо төлөй турганын эскертишкен. Төлөбөгөндөргө олчойгон айып пул кошулуп турган.

Саясатчылардын, анын ичинде парламент депутаттарынын жана эксперттердин ичинде бийликтин салыктык саясатын колдоп келгендер көп болду. Ошол эле маалда калкка жана ишкерлерге бул боюнча маалымат толук жетпей калды дегендер да арбын.

Адистер мамлекеттик органдар өзү бул системаларды киргизүүгө толук даяр болбой калганын белгилеп, ошону үчүн процесстин аягы узакка чейин созуларын белгилешүүдө. Экономикалык эксперт Расул Түлеев бийлик бир нече жагдайлардан улам чечимдерин кайра кароого аргасыз болуп жатканына токтолду:

Расул Түлеев
Расул Түлеев

“ККМди киргизүү иштери башталганына эки-үч жыл болгону менен жакшы иретке салына элек. Анткени аны толук ишке ашырууга биздин Салык кызматы толук даяр эмес болуп калды. Себеби, бизде чакан ишкерлердин саны аябай көп. Мамлекеттик мекемедеги адистер элементардуу түрдө аларды тейлегенге жетишпей жатат. Бул бир. Экинчиден, соодагерлер аябай чоң күч. Алар көп адамдардын өкүлдөрү, шайлоочулар же бир кызыкчылыктары жарандардын тобу. Өкмөт алардын талаптарын эске албай коё албайт. Эске албай койсо нааразылыктар өрчүп кетиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, бул базардагы соодагерлер өзүнүн тармагындагы эле жарандарды эмес, башка тармактарды кошо сүйрөйт. Көп адамдарга жумуш берет. Кандай болсо дагы алар жаратман адамдар. Салык төлөбөгөн күндө дагы экономикага салымы чоң, жаратман адамдар. Алар менен күрөшпөй, тескерисинче ымалалашып иштешүү керек. Ошондуктан өкмөт эки жакты талдап көрүп, аларга жеңилдиктерди берүүгө аргасыз болуп жатат. Өзгөчө “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары менен эсептешпесе, андагы капитал коңшу өлкөлөргө качып, Казакстанда жана Өзбекстандагы базарларга ооп кетиши мүмкүн. Муну бийлик жакшы түшүнүп турат. ККМге мамлекет баары бир келиш керек. Бирок көп жылдар дебейин, балким эртерээк деле ишке ашырса болот, башкысы тең салмакталган жана оор басырыктуу кадамдар менен келиш керек. Анткени бул жерде биздин жарандардын, биздин экономиканын тагдыры чечилип жатат”.

Мамлекеттик салык кызматы ноябрдын башында жаңы салык саясатынын соңку жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ) колдонгон ишкерлер арбыганын кабарлаган.

Мекеме жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү жумуштары уланып жатканын белгилеп, ошол күнгө карата ал аппараттарды 68 миң 80 субъект колдонуп жатканын тактаган. 2021-жылы бул сан 20 миңдин тегерегинде экенин эске алганда, көрсөткүч үч эсе арбыган.

2023-жылдын он айында ишкердик субъектилер жүгүртүү суммасы 1,1 трлн сомдон ашык суммада 12,3 млн электрондук эсеп-фактура тариздешкен. ЭЭФ киргизилген 2020-жылдын 1-июлунан бери ишкерлер жалпы 4,6 трлн сомго 32,8 млн электрондук эсеп-фактура жазышкан.

Ушул күндөрү ЭЭФти 69 миң 70 салык төлөөчү колдонуп жатат жана жыл башынан тартып 34 миңден ашуун субъектиге көбөйдү. Бул он айда аталган эрежени колдонгондор эки эсе арбыды дегенди түшүндүрөт.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.

Мындан сырткары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонуп жаткан ишкерлер 98 миң 96га жетти. Жыл башында алардын саны 30 миңдей болчу жана бул арада үч эсе арбыды.

Он айда ишкерлерге ЭТТК системасы аркылуу 12,3 млн электрондук документ түзүлгөн. Анын ичинен сатууга – 9,9 млн, эсептен чыгарууга – 855,4 миң, алып өтүүгө – 567,7 миң, кириштөөгө – 948,9 миң документ берилген.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүүдө керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган салыктык документ.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG