Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Өндүрүш Токтонасыровдун соту анын ден соолугуна байланыштуу жылды


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров ооруканада. (Сүрөт Бурул Усманалинин баракчасынан алынды)
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров ооруканада. (Сүрөт Бурул Усманалинин баракчасынан алынды)

Укук коргоочу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Сокулук райондук ооруканасынын неврология бөлүмүндө дарыланып жатат.

Бул тууралуу активист Бурул Усманали билдирип, Токтонасыровдун сүрөтүн Фейсбукка жарыялады.

Анын адвокаты Жаныш Бараков "Азаттыкка" кабарлагандай, активисттин ден соолугуна байланыштуу ага карата козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны 2-ноябрдан бери эки жолу жылып, 28-ноябрга белгиленди.

Токтонасыровго "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сентябрдан бери каралууда. 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары "кастыкты козуткан" деген тыянак чыккан.

Өндүрүш Токтонасыровго "кылмыш иши ушул жылдын 30-мартында козголгон. Бирок ал бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG