Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Тажикстандагы ооган дипломаты "Талибандын" бийлигин тааныбайт


 Мохаммад Захир Агбар.
Мохаммад Захир Агбар.

Ооганстандын мурдагы өкмөтү тарабынан дайындалган жана өзүн бул өлкөнүн Тажикстандагы элчиси деп эсептеген Мохаммад Захир Агбар журналисттердин катышуусунда өткөн жыйында талибдердин интернетке тараган катынын көчүрмөсүн айрып салды.

Бул катта Кабулдагы талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттакинин Дүйшөмбүдөгү Ооганстан элчилигинин биринчи катчысы кылып талибдердин өкүлүн дайындоо жөнүндөгү буйругу жазылганы кабарланган.

Ооганстанда эки жылдан ашуун бийликте турган талибдер бул боюнча расмий түрдө эч кандай билдирүү жасай элек.

Хорогдогу консулдук кимге таандык?

2021-жылдын августунда бийликтен кулатылган ооган өкмөтүнүн элчиси Мохаммад Захир Агбар 7-ноябрда Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында медиа каражаттарында жана социалдык тармактарда тарап жаткан катты журналисттердин көзүнчө айрып салды.

"Бизде талибдердин маалымат каражаттарына тарап кеткен каты бар. Бийликке мыйзамдуу түзүм келгенге чейин бул топтун ("Талибандын") бизге карата эч кандай легитимдүүлүгү жок деп элди ишендире алам”, - деди Агбар.

Ооганстанды эки жылдан ашык убакыттан бери башкарып келе жаткан талибдер интернетте тарап жаткан каттын чоо-жайы жана мурдагы өкмөттүн элчисинин кадамы тууралуу азырынча расмий билдирүү бере элек. Тажикстандагы ооган элчиси соцтармактарда талибдерди катуу сынга алып келет.

Дипломаттын айтымында, ушул күнгө чейин Оганстандагы талиб өкмөтү менен менен Дүйшөмбүдөгү элчиликтин ортосунда менен эч кандай байланыш болгон эмес. Быйыл мартта "Талибан" өкмөтүнүн делегациясы Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарына барганы кабарланган. Алар бул шаардагы консулдуктун имаратын оңдоп-түзөө иши менен таанышканын айтышкан.

Талибдердин Тажикстанга келип кеткени тууралуу кабарларды расмий Дүйшөмбү ырастаган да, четке каккан да эмес.

"Биздин Хорогдогу консулдуктун талибдер менен эч кандай байланышы жок. Каражаттын жоктугунан аны жаап койдук. Ал эми бул жердеги кесиптештер биз менен иштешүүнү улантышууда", - деп түшүндүрдү Мохаммад Захир Агбар.

Быйыл февраль айында Хорогдо кар көчкү 39 үйдү, ооган консулдугунун имаратын басып калган. Андан аймактын бир нече тургуну каза тапкан.

Дүйшөмбү шаарындагы Ооганстан элчилигинин имараты.
Дүйшөмбү шаарындагы Ооганстан элчилигинин имараты.

Элчиликке каражат кайдан келет?

Ооганстанда Ашраф Гани башында турган мурдагы бийлик кулатылгандан кийин бир катар мамлекеттер, анын ичинде Иран өз аймагындагы ооган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн талибдерге өткөрүп берген.

Бирок Тажикстандын өкмөтү талибдерди тааныган эмес жана акыркы эки жылдан бери кыймылдын бир дагы өкүлүн кабыл алган жок. Ошол эле учурда эки коңшу өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы токтоп калган жок. Тактап айтканда, Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын экспорттоону улантууда.

Мохаммад Захир Агбар Дүйшөмбүдөгү ооган элчилигинин консулдук бөлүмү иштеп жатканын ырастады.

"Эч бир өлкө талибдерди тааныган жок жана биздин визалар дагы эле жарактуу деп эсептелинет", - деди Агбар.

Журналисттер элчиден эгер алар талибдердин өкмөтүнөн каражат албаса, элчиликти иштетүүгө кеткен чыгымдарды кантип жаап жатканын сурашты. Элчи Агбар бул суроого так жооп берген жок. Бирок журналисттер ооган элчилигинин имараты учурда дээрлик бош экенин көрүштү. Элчиликтин бир өкүлү имаратта азыр кызматкерлер аз экенин айтты.

“Талибан” кыймылы Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алып отуруп, 2021-жылдын 15-августунда Кабулду ээлеп алган. Мурдагы бийлик жетекчилери жана президент Ашраф Гани өлкөдөн качкан.

Андан бери эки жылдан ашык убакыт өтсө да дүйнөнүн бир дагы өлкөсү «Талибан» кыймылын (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтү катары расмий тааный элек.

Талиб өкмөтүнүн бир нече жолу өтүнүчтөрүнө карабастан, БУУ Ооганстанга эл аралык уюмдагы орунду талибдердин өкүлдөрүнө берген эмес жана ал Ооганстандын мурдагы өкмөтү дайындаган ооган дипломаттарынын колунда калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG