Казакстан ооган өкмөтүн башкарып жаткан талибдердин элчилиги үчүн имарат берет.
Ошол эле кезде "Талибандын" кыз-келиндердин билим алышына, мекеме-уюмдарда иштешине тыюу салган чечимдери эл аралык коомчулуктун сынына кабылып турат. Бир катар уюмдар Ооганстандан кетип, өлкөдөгү гуманитардык кризис тереңдеп баратат.
"Кырдаал татаал, бирок уникалдуу эмес"
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Астана "Ооганстандын жаңы администрациясынын" алардын "дипломаттарын" аккредитациядан өткөрүү өтүнүчүн канааттандырганын билдирди. Министрлик бул кадам талибдердин бийлигин "таанууга жатпасын", аны БУУ гана чечерин белгилеп жатат.
Буга чейин маалымат каражаттарында Казакстандын вице-премьери, соода министри Серик Жумангарин Кабулда "Талибандын" вице-премьери Абдул-Гани Барадар менен экономикалык маселелерди талкуулаганы жөнүндө кабар тараган. Маалыматта айтылгандай, талибдер Ооганстандын мурдагы бийлигинин дипломаттары ээлеп келген имаратты берүүнү сураган, казак тарап талибдердин өкүлдөрүн кабыл алууга убада кылды.
"2021-жылдын августунда мурунку режимдин кулашы менен вакуум пайда болду. Ооганстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери бул мамлекеттин атынан иштөөнү токтотту. Кырдаал татаал, бирок уникалдуу эмес. Бир катар мамлекеттерде бийлик алмашкандан кийин легитимдүүлүк маселеси жаралганын тарых тастыктайт", - деди Смадияров 17-апрелде Астанадагы брифингде.
Ал Жумангарин Ооганстанда соода-экономикалык багытта жолугушууларды өткөргөнүн билдирип, талибан өкмөтү “40 миллион адамды тамак-аш менен камсыздоо үчүн Казакстандын товарларына кызыгып жатканын” белгиледи.
"Азаттыктын" кабарчысы Ооганстандагы этникалык казактардын тагдыры тууралуу маселени козгогондо, Смадияров Жумангариндин сапары учурунда алар менен кездешүү болбогонун айтты.
2021-жылдын августунда бийликке кайтып келген "Талибанды" дүйнөдөгү бир да өлкө тааныбайт.
Астана "Талибан" кыймылын экстремисттик деп санайт. Бирок талибдер бийликке келгенден кийин Казакстан Кабулга делегация жиберип, Казакстандын Ооганстандагы элчилиги да иштеп жатат. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан “гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн” алар менен макулдашууга даяр экенин айткан.
Самарканддагы жыйын
13-апрелде Самаркандда Ооганстанга коңшу – Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин төртүнчү жолугушуусу болгон.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, тараптар Ооганстанда коңшу мамлекеттердин катышуусу менен инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну жакташкан.
Ташкент ошондой эле бул жыйында ооганстандык аялдардына билим алууга, эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк жаратуу, этикалык азчылыктардын укуктарын сактоо өңдүү талаптар айтылганын кабарлады. Ошондой эле терроризмге, баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүүдөгү чаралар талкууланган. Бирок "Талибан" Самарканддагы жолугушууда көтөрүлгөн бул маселелер тууралуу маалымат берген эмес.
Ташкент талибдердин өкмөтүн тааныбайт, бирок алака-катышты сактап келатат. Өзбекстандын расмий делегациясы Кабулга, талибдер да Ташкентке жана Самаркандга бир канча жолу каттап, экономикалык келишимдерди түзүшкөн.
Быйыл марттын этегинде "Талибан" өкмөтүнүн делегациясы Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарына барган. Алар бул шаардагы консулдуктун имаратын оңдоп-түзөө иши менен таанышканын кабарлашкан. Бирок ал жакка кандай жол менен барганы айтылган эмес. Расмий Дүйшөмбү менен "Талибан" өкмөтүнүн ортосунда да дипломатиялык алака-катыш жок.
Бишкекте элчилик иштеп жатат
Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков былтыр ноябрда Кабулда Ооганстанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен жолуккан.
Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Ал былтыр июлда Ташкент шаарында өткөн “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эки күндүк эл аралык конференциянын алкагында да талибдердин өкүлдөрү менен кездешкен.
Ооганстанда Кыргызстандын элчилиги бар, бирок элчи дайындала элек. Ооганстандын Бишкектеги элчилиги талибдер бийликке келгенден кийин да ишин улантууда.
Талибдер өкмөттү ээлегенде ашынган фундаменталисттик ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанган, байистүү саясат жүргүзүүгө убада берген. Бирок кыз-келиндердин укугун одоно бузуп, билим алууга, мекемелерде иштөөгө тыюу салган чечимдеринен улам бир катар эл аралык уюмдар Ооганстандан кетти. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) бул өлкөдө калуу же калбоо маселесин караштырып жатат.
"Талибан" кыймылын Кыргызстанда сот экстремисттик деп таап, ишмердигине 2006-жылы тыюу салган.