Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Орус абагындагы тажик жарандарын согушка барууга мажбурлашууда


"Бутырка" убактылуу кармоочу жайында отурган мусулмандар намаз окуп жатышат. Москва. 21-январь, 2023-жыл.
"Бутырка" убактылуу кармоочу жайында отурган мусулмандар намаз окуп жатышат. Москва. 21-январь, 2023-жыл.

"Озоди" радиосу Орусиянын Калуга облусундагы Медынь шаарындагы ИК-4 түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан тажик жарандары Украинадагы согушка баруу үчүн Коргоо министрлиги менен келишимге күчтөп кол койдуртуп жатканын жазды.

Алардын эсебинде, абактагы 150дөй тажикстандык согушка айдалышы мүмкүн. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул боюнча текшерүү башталганын билдирди.

Аты-жөнүн жашырган абактагы адам "Озодиге" бул жолу аларга Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келгенин айтып берген. Жолугушуу 11-августта болгон.

"Былтыр бизге ар кандай жеңилдиктерди убада кылып, согушка азгырышкан, эч кандай мажбурлоо болгон эмес. Азыр "каалайсыңарбы же жокпу, согушка барасың" деп айтышты", - деген ал.

Былтыр орус абагында жатып "Вагнер" аскердик менчик компаниясына кошулган 20дай тажикстандык Украинадагы согушта курман болгону аныкталган. Медынь шаарындагы түрмөдө отурган тажик жарандардын ырасташынча, 2022-жылы "Вагнерге" жүздөй тажик жараны кошулган. Алардын көбү Бахмуттун жанындагы салгылашта набыт болгон.

Тажикстандыктар жакынкы жумаларда аларды Украинага алып кетиши мүмкүн экенин айтып, расмий Дүйшөмбүдөн жардам сурашты.

"Бул жактагылардын көбү алты айдан бир жылга чейин кесилген. Украинада өлгүбүз келбейт. Бийлик бизди аман алып калсын", -деп өтүнгөн алардын бири.

Орус түрмөлөрүндө канча тажикстандык жазасын өтөп жатканы так белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда алардын саны 10 миңге жетет.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимзода Орусиянын абактарында отурган жүздөй тажикстандык Украинадагы согушка жөнөтүлгөнүн ырастаган.

Орус абактарынан Украинадагы согушка азгырылып, фронтто мерт болгон кыргызстандыктар тууралуу "Азаттык" атайын берүү даярдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG