Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05

"Бүтүндөй бир үй-бүлө жок болду". Херсондогу кандуу чабуул


Широка Балкадагы бир үй-бүлөнүн кырылганы кабарланган үй. 2023-жыл, 13-август. Булак: Телеграм
Широка Балкадагы бир үй-бүлөнүн кырылганы кабарланган үй. 2023-жыл, 13-август. Булак: Телеграм

Орус күчтөрүнүн Украинанын Херсон аймагындагы соңку чабуулдарынан кеминде жети жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Алардын арасында төрөлгөнүнө бир ай боло элек ымыркай жана 12 жаштагы өспүрүм бар.

Ымыркайдын өмүрүн алган чабуул

Украинанын президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак 13-августта Телеграм каналына Херсон облусундагы Орусиянын соңку аткылоолорунан кийинки кырдаалды көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялады. Алардын биринде айылдагы кадимки бак-шагы, чакан короосу бар үйдүн бир бөлүгү өрттөнүп жатканын, өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатканын көрүүгө болот.

Андрей Ермак жазгандай, бул күнү орус күчтөрү Херсондогу Широка Балка жана Станислав айылдарына жапырт аткылоочу реактивдүү системадан сокку урду. Украинанын жергиликтүү бийлиги маалымдагандай, бул чабуулдар кеминде 7 жайкын тургундун өмүрүн жалмады. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү бар.

Херсондун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудиндин айтымында, Орусиянын чабуулунан Широка Балкада жергиликтүү бир тургун, анын жубайы жана төрөлгөнүнө 23 күн боло элек ымыркай кызы мүрт кетти. Прокудин бул үй-бүлөдөн 12 жаштагы эркек бала гана аман калганын, ал ооруканада оор абалда жатканын билдирген эле.

Көп өтпөй Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко дарыгерлер өспүрүмдүн өмүрүн сактай албай калганын Телеграмга жазды.

"Широка Балкада бүтүндөй бир үй-бүлө курман болду. Тилекке каршы 12 жаштагы эркек бала ооруканада жан берди", - деп билдирди Клименко.

Херсондогу Станислав кыштагында да эки жайкын тургун мүрт кетип, бир нече киши жаракат алды жана беш үй кыйроого учурады.

Соңку 24 саатта 39 салгылашуу болду

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын атайын өкүлү Павел Ковальчук соңку билдирүүсүндө Орусия соңку бир сутка ичинде Украинаны тынымсыз аткылаганын билдирди.

"Орусиялык оккупанттар биздин аскерлердин позицияларына жана конуштарыбызга жети ракета учуруп, 47 жолу абадан чабуул жасады жана жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 43 жолу аткылады. Тилекке каршы Орусиянын террорчул чабуулдарынан жайкын тургундардын арасында набыт болгондор жана жаракат алгандар бар. Жергиликтүү тургундардын үйлөрү жана жарандык инфратүзүмталкаланды", - деп билдирди Ковальчук.

Орусия мындай фактыларга карабастан Украинада жайкын тургундарды бутага алганын четке кагып келет.

Украинанын Башкы штабынын 13-августтагы маалыматына ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Харьков аймагынын чыгыш тарабында, Донецк облусунун батышында жана Запорожьенин түштүк-батышында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда 39 жолу салгылашуу болду.

Орусия Запорожьенин бир бөлүгүн басып алгандан кийин аймакка дайындаган жетекчи Вадим Роговдун айтымында, украин аскерлери орус күчтөрүнүн коргонуу тилкесин жырып өтүп, Урожайное конушуна жетти жана жакынкы Старомлыновка шаарчасына көзөмөлүн орнотууга аракет кылууда.

Ал тапта Москва Орусиянын аймактарындагы объектилерди бутага алган дрон чабуулдарынын мизин кайтарганын билдирип, аны "террордук чабуул" деп атады. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Белгород облусунда Украинанын эки, Курск облусунда бир дрону атып түшүрүлдү.

Соңку мезгилде Орусиянын аймактарында, анын ичинде баш калаа Москвада учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдары утур-утур катталып келет. Адатта Киев бул чабуулдарды комментарийлебейт. Согуш шартында чабуулдар жана жабыркагандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Крым көпүрөсүндөгү өзгөчө абал

12-августта Орусияны Украинанын Москва аннексиялап алган Крым жаралы аралы менен байланыштырган, Керч кысыгы аркылуу өткөн Крым көпүрөсүнүн айланасындагы жарылуулар көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

12-августтагы ракета чабуулдарынан кийин Крым көпүрөсүн түтүн чулгады.
12-августтагы ракета чабуулдарынан кийин Крым көпүрөсүн түтүн чулгады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина С-200 ракеталары менен көпүрөгө сокку урганын, ракеталар асманда атып түшүрүлгөнүн, эч ким жабыркабаганын жана көпүрөгө зыян келбегенин билдирди.

Ошентсе да орус бийлиги 19 чакырымдык көпүрөдөгү кыймылды убактылуу чектөөгө аргасыз болду. Крымдын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёновдун айтымында, эки ракетаны көпүрөнүн жанындагы абадан коргонуу системасы атып түшүргөн.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Москва Крым көпүрөсүн бутага алган чабуулдар үчүн өч ала турганын айтты.

"Мындай варвардык аракеттерди актоого болбойт жана алар жоопсуз калбайт", - деп жазды Захарова Телеграмга.

Орус бийлиги Украинада согуш башталгандан бери Крым көпүрөсүнө багытталган чабуулдар "кызыл чектен өтүү" катары караларын жана ага кескин жооп болорун эскертип келет.

Бирок былтыр күздөн бери бул көпүрө бир нече жолу ар кыл чабуулдарга дуушар болду. Октябрь айында бул көпүрөдө бомба коюлган автоунаа жарылып, андан кеминде үч адам мерт болгону кабарланган. Бул жарылуудан кийин көпүрөнүн автоунаа өткөн бөлүгү бир топко чейин жабык турган.

Украин бийлиги 12-августта Крым көпүрөсүнө учурулган ракеталар тууралуу комментарий берген жок. Расмий Киев бул көпүрө мыйзамсыз курулган деп эсептейт. Андыктан украиналык аскердик эксперт Валерий Рябых Крым көпүрөсү да мындан ары украин тараптын чабуулдарынын негизги бутасы болорун "Фридом" телеканалына курган маегинде айтты.

"Бул мыйзамсыз курулуш украин аскерлери үчүн сокку урулушу керек болгон мыйзамдуу бута. Себеби Крым көпүрөсү Украинанын түштүгүнө баскынчыл күчтөрдү жөнөтүү үчүн колдонулган негизги логистикалык жолдордун бири. Андыктан акыры бул көпүрө талкаланат", - деди Рябых.

12-августта Крым жарым аралына да ракета жана дрондор менен чабуул коюлду. Орусиянын Коргоо министрлиги Крымга учурулган "20 украин дронунун" 14ү атып түшүрүлгөнүн, калганы электрондук коммуникациялык жабдыктар менен зыянсыз болгонун билдирди.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG