Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Өзөктүк курал менен коркутуу: Теңирден тетири кырдаал


Хиросимадагы өзөктүк курал кыйраткан үйдүн калдыгы Тынчтык эскерүү паркына жакын жайгашкан. 2020.06.8
Хиросимадагы өзөктүк курал кыйраткан үйдүн калдыгы Тынчтык эскерүү паркына жакын жайгашкан. 2020.06.8

1945-жылдын августундагы АКШ тарабынан согушчан Жапонияга каршы өзөктүк куралдын колдонулушу азыркы тапта да дүйнө коомчулугу тарабынан жектелип келет. Ошол эле учурда Кремлдин азыркы согушчан кожоюну Украинадагы баскынчылыгын актоо жана басып алынган аймактарды колдон чыгарбоо үчүн өзөктүк курал менен дүйнө жүзүн коркутууда. Дүйнөдөгү прогрессчил күчтөр бул согушчан турумду кескин айыптоодо. Тарыхчынын блогу.

1945-жылдын августундагы алааматтар

Ушул күндөрү бүт дүйнө коомчулугу Экинчи дүйнөлүк согуштун этегиндеги алааматтуу окуяларды – 1945-жылы 6-августта Хиросима шаарына америкалык Боинг Б-29 “Энола Гэй” (Enola Gay) аттуу согуш учагы таштаган “Наристе бала” (The Little Boy) өзөктүк бомбасы жана 9-августта америкалык Боинг Б-29 “Бокскар” (Bockscar) учагы таштаган “Эткээл (Семиз) киши” (Fat Man) өзөктүк бомбасы кириптер кылган алааматтуу окуялардын курмандыктарын эскерип жатышат.

Хиросимага бомба таштаган учакты Пол Уорфилд Тиббетс-кенже (Paul Warfield Tibbets, Jr.; 1915–2007) башкарган (бомбанын аты анын энесинин ысымынан коюлган).

Ал эми Нагасакиге бомба таштаган учакты Чарлз Суини (Charles Sweeney; 1919–2004) жетектеген. Бул эки аскер учкучу тең өмүр бою өздөрүн “туура иш кылганбыз” деп санашкан.

6-августта Хиросимада 140 миңдей киши набыт болгон, кийинчерээк да нурлануунун айынан көп сандаган кишилер өмүрлөрүнөн айрылышкан же майыптыктын азабын чегишкен.

9-августта Нагасакиде дароо 35 миң киши мүрт кеткен (алардын 28 миңдейи аскердик ж.б. ишканаларда иштеген жапон жумушчулары, 2 миңдейи күчтөп айдалып келген корей жумушчулары болгон). Кийинчерээк бул шаарда да көп сандаган кишилер нурлануунун айынан өлгөн же өмүр бою жабыркап жүрүп өткөн.

Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов бул алааматтуу окуялар тууралуу тынчтыкка чакырган маанайдагы “Энола Гэй” деген публицисттик чыгармасын жазганы эсте.

Советтер Биримдигинин калктары ар дайым бул өзөктүк чабуулду айыптап келген. Ошол эле учурда СССР бийлиги “Кансыз согуш” доорунда өзүнүн геосаясий кызыкчылыктары үчүн өзөктүк бомба менен Батышка сес көрсөтүү аракеттерин жасагандыгы 1962-жылдын октябрындагы Кариб кризиси (аны Кубадагы советтик ракета кризиси деп да коюшат) окуясында айрыкча көрүнгөн.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле, АКШда да өзөктүк бомбаны колдонуу учурларын айыптагандар да, Тынч океандын аймагында, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азияда жүз миңдеген (ал түгүл миллиондогон) кишилердин ыктымал өлүмүнөн арачылап калган аргасыз чара катары жактагандар да толтура.

Демек, мамлекеттик бийлик менен калайыктын турумдарын бул жаатта бирдей ченеп-бычууга болбойт.

Физик илимпоздор илимий ачылышка сүйүнүп, алаамат үчүн күйүнгөн

АКШдагы алгачкы өзөктүк куралдарды өндүрүү ишин жетектеген илимпоз, АКШдагы теориялык физиканын негиздөөчүсү саналган Жулиус Роберт Оппенгеймер (Julius Robert Oppenheimer, 1904–1967) жаш кезинде солчул көз карашта болгондугу, 1930-жылдарда коммунисттерге жан тарткандыгы үчүн ар дайым аңдууда болгон.

Анын бир тууганы Фрэнк жана анын жубайы Компартиянын мүчөлөрү болушканын кийинчерээк моюндарына алышкан.

Жулиус Роберт Оппенгеймер . 1944-жылдын тегереги.
Жулиус Роберт Оппенгеймер . 1944-жылдын тегереги.

1945-жылы 16-июлда Аламогордо жергесинде алгачкы жасалма өзөктүк жардыруу ийгиликтүү аяктаган соң, Оппенгеймер индуисттердин санскрит тилинде жазылган “Бхавадгита” эмгегиндеги көп колдуу кудай Вишнуга таандык бул ыр саптарын өзүнчө эстеген экен: “Мен – Өлүммүн, дүйнөлөрдүн залкар кыйратуучусумун”.

Менимче, бул сөз аркылуу окумуштуу чоң балээ белгисиз бир капастан чыгып жатканын жүрөгү менен сезгенин чагылдырса керек.

Андан ары Оппенгеймер өзөктүк кубатты иликтөө жана өндүрүү жаатын бир гана мамлекет эмес, эл аралык коомчулук, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу кадыр-барктуу эл аралык уюм көзөмөлгө алышы керек деген идеяны жактаган.

Аны СССРдин АКШдагы тыңчысы деп да шектенгендер болгон, бирок ал эч качан тыңчы болбогондугу тастыкталган.

Оппенгеймер “замбирек менен коркутуу дипломатиясы” деген түшүнүктү жектеп чыккан. Ал тышкы саясатты зомбулук аркылуу жүзөгө ашыруу оюна таптакыр каршы болгон.

Бирок 1950-жылдардагы АКШнын өзүндө “Кансыз доор” заманында Оппенгеймерди жаш чагындагы солчул көз караштары үчүн саясий териштирүүгө алышкан кезең өз таасирин тийгизип, ал 1955-жылы даңазалуу окумуштуулар тобунун согушка каршы ачык чакырыгына кол коюудан өзүн оолак туткан.

Тарыхта “Рассел – Эйнштейн манифести” деген атка калган бул чакырыкка 11 илимпоз (А.Эйнштейн, Ф.Жолио-Кюри, Б.Рассел, М.Борн, П.У.Брижмен, Л.Инфелд, Г.Ж.Мөллер, Л.Полинг, С.Ф.Пауэлл, Ж.Ротблат жана жапон физик-теориячысы Хидэки Юкава) кол коюшкан. Чакырыкта бардык мамлекеттер болочокто эч кандай өзөктүк куралдарды колдонууга барбастан, ар кандай көйгөйлөрдү тынчтык жолунда чечүүсү керектиги баса белгиленген.

Алберт Эйнштейн (оңдо) менен Бертран Рассел. Булак: www.pugwash.com;
Алберт Эйнштейн (оңдо) менен Бертран Рассел. Булак: www.pugwash.com;

Бул манифест кийинчерээк тынчтыкты жактаган окумуштуулардын “Пагуош жыйындарына” (Pugwash Conferences on Science and World Affairs) башат ачкан. Алгачкы Пагуош жыйыны 1957-жылы 7–11-июлда өткөрүлгөн. Ага Батыштан гана эмес, советтик окумуштуулар да катышкан.

1995-жылы Пагуош кыймылы жана анын негиздөөчүлөрүнүн бири, теги поляк болгон британдык физик Жозеф Ротблат (Joseph Rotblat; полякча Józef Rotblat; 1908–2005) Нобел Тынчтык сыйлыгын бирдей үлүштө алышты. Алардын "Дүйнөлүк саясатта өзөктүк куралдын ролун азайтууга багытталган чоң жетишкендиктери үчүн жана бул курал түрүнө тыюу салуу боюнча көп жылдык иш-аракеттери үчүн" кошкон салымдары жогору бааланды.

Диссидент академик Андрей Сахаров
Диссидент академик Андрей Сахаров

Советтик академик Андрей Дмитриевич Сахаров (1921–1989) советтик алгачкы суутек өзөктүк бомбасын түзүүчүлөрдүн бири болгон.

Ал 1950-жылдардын соңунан тартып өзөктүк согуш куралдарын сыноого бүт дүйнө жүзүндө тыюу салуу үчүн коомдук ишмер катары өз күрөшүн баштаган.

(Мурдагы советтик жарандар бараандуу диссидентке айланган Андрей Сахаровдун бул жааттагы ишмердиги жөнүндөгү чыныгы маалыматты “Кайра куруу” доорунун соңку жылдарынан тартып гана ачык ала алышканын эскерте кетелик).

Гуманист илимпоздор XX кылымдын башында эч ачылбастан жабылып жаткан белгисиз кутуну ачып алып, андан көп баштуу ажал чачкыч желмогуз чыга келгендигин аңдашты.

Албетте, өзөктү кубатты жалпы адамзаттын кызыкчылыгында тынч максатта колдонуу мүмкүнчүлүгү да ушул эле кылымда мыкты айгине болду.

Баскынчылык коркутуп-үркүтүүнүн заманбап куралы

XXI кылымдын башында анча-мынча гана мамлекет өзөктүк согуш куралы бар өлкө катары саналат (АКШ, Орусия, Улуу Британия, Франция, Кытай, Индия, Израил, Пакистан, КЭДР).

Түштүк Африка Республикасы 1979–1989-жылдары өзөктүк куралга ээ болгон, бирок бул курал түрүнөн ыктыярдуу баш тарткан. Постсоветтик Казакстан (1992), Украина (1992) жана Беларус (1994) өздөрүндөгү совет доорунан калган өзөктүк куралдарды Орусияга өткөрүп беришкен.

Ал эми путиндик башкаруу алдындагы Орусия 2008-жылы августта эгемен Грузияга кол салып, анын Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарын каратып алды, 2014-жылдын 28-февралынан бери Украинага таандык Крым жарым аралын жана ошол эле жылы Донбасстын бир катар аймактарын басып алды. Расмий Маскөө Днестр боюнда аскер базасын кармоо аркылуу эгемен Молдованы да көзөмөлдөө далалатын жасап келет.

Расмий Маскөө 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинага каршы согуштун жаңы (кеңири) өлчөмдөгү баскычын улантып жатат.

Путиндин бийлиги жана анын үгүтчүлөрү демократиячыл Украинанын бийлиги 3–5 күндө кулайт ко, украин эли орусиялык жоокерлерди “боштондукка чыгаруучулар” катары гүлдесте менен тосуп алышат ко деп куру кыялга берилип, согуштун 2022-жылдын 24-февралынан кийинки баскычын “атайын аскердик амал” деп гана аташкан.

Бирок кырдаал башкача болуп чыкты. Украин эли өз эгемендигин сактап кала алды жана басып алынган аймактарды акырындап чет-четинен бошотууда. Дүйнө коомчулугу жана демократиялык Батыш Украинаны ырааттуу колдоп жатат.

Путин өзү кириптер болгон кырдаалда мезгил-мезгили менен өзөктүк курал-жарактарын оозанып, Батышты коркутуп келүүдө.

(Караңыз: АиФ. Видео тасма).

Чын эле Владимир Путин айласы куруп бара жатканда, колундагы “кызыл седепти” басып, өзөктүк куралды колдонууга барышы ыктымалбы?

Адистер Путиндин бул өзөктүк сес көрсөтүүсү тек гана Батышты жана башка сырткаркы өлкөлөрдү курулай коркутуу далалаты экендигин, мындай дүйнөлүк алааматка барууга Кремл эч жарамсыздыгын, бул акылсыз кадам жалпы адамзат цивилизациясына, биринчи кезекте, согушчандын өзүнө каршы өлүм жазасы өкүмү боло тургандыгын Кремлдегилер деле анык биле тургандыгын айтып келишет.

(Караңыз: Аксенов, Павел. Нажмет ли Путин красную кнопку? Главные вопросы о ядерной угрозе | Би-би-си объясняет // Би-Би-Си. 25.10.2022.) https://www.youtube.com/watch?v=IO99Imv0e5c

Хиросима менен Нагасакинин сабагы

1945-жылдын 6- жана 9-августундагы жапониялык Хиросима жана Нагасаки шаарларына өзөктүк бомбалардын ташталышы жалпы адамзат үчүн бул алааматтуу жапырт кыргын куралынан таптакыр баш тартуу керектиги тууралуу олуттуу сабак берди.

Саламаттык сактоодогу, экологиялык көйгөйлөрдү жана космос мейкиндигин биргелешип тынч иликтөөдөгү кызматташтык сыяктуу эле, өзөктүк отунду тынч максатта колдонуу жаатындагы эл аралык кызматташтык, өзөктүк куралдарды андан ары жайылтпастан, тескерисинче, кыскартуу жана жоюу багытындагы далалаттар мамлекеттик чек аралар менен чектелбеген жалпы адамзаттык орток иш-аракет болуп саналат.

Хиросима жана Нагасаки алааматын бөксөртпөстөн аңдоо жана өлкөлөрдүн өз ара согушунун ордуна алардын тынч, ынтымакта жана дурус коңшулукта кызматташуусун камсыз кылуу – адамзаттын соңку тарыхындагы XXI кылымдын XXII кылымга улана тургандыгын камсыздоочу жагдай.

Ошону менен бирге, өзөктүк согуш менен коркуткан (Оппенгеймер айткандай, “замбирек менен коркутуу дипломатиясын” колдонгон) кайсы бир баскынчы тараптын сес көрсөтүүсүнөн коркуп, кайсы бир эгемен жана демократиялуу өлкөнүн баскынчы өлкө тарабынан тебеленип-тепселишине да эл аралык коомчулук эч качан жол бербеши зарыл.

Алсызыраак делген өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылышына колдоо көрсөтүү дагы жалпы адамзат үчүн Батыш менен мурдагы СССРдин ортосундагы идеологиялык “кансыз согуш” аяктагандан кийинки доордогу маанилүү чакырыктардын бири болуп саналат. Муну бүгүнкү Украинадагы согуштан айрыкча көрүп турабыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG