Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Орусия Украинага чек аралаш аймагында ыктыярчыларга курал таратты


Орусиянын Курск жана Белгород облустарында ыктыярдуу отряддардын мүчөлөрүнө курал-жарак таратылган.
Орусиянын Курск жана Белгород облустарында ыктыярдуу отряддардын мүчөлөрүнө курал-жарак таратылган.

Украина менен чектешкен Орусиянын Курск жана Белгород облустарында ыктыярдуу отряддардын мүчөлөрүнө курал-жарак таратылды. Кремль бул кадамга Украинадан жасалган "чабуул" себеп болгонун баса белгилейт.

Ал эми серепчилер аймактагы орус ыктыярчылардын куралданышын чек аралаш аймактардагы кырдаалдын курчушу менен түшүндүүрүдө.

Курск облусунун губернатору Роман Старовойт ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрүн курал менен камсыздоо маселеси бир нече айдан бери курч болуп турганын Телеграмдан билдирди. Анда губернатор ыктыярчыларга бирден мылтык таратып жаткан видеосун жарыялады.

"Биз бир нече айдан бери ыктыярдуу элдик кошуундун түзүлгөн отряддарды курал менен камсыз кылуу маселесин карап чыктык. Бүгүн ал механизм ишке кирди деп айта алам. Аны сактоо үчүн бизде бардык шарттар түзүлгөндүгүн баса белгилегим келет. Базага биринчи партия келди. Жакында курал-жарактын санын 300 даанага чыгарабыз", - деди губернатор Старавойт.

Украинанын Орусия менен чектешкен дагы бир облусу Белгороддо да ушул аптада ыктыярчыларга курал-жарак тапшырылганы кабарланды. Облустун губернатору Вячеслав Гладков июль айынын башында эле курал-жарак жөнүндө сөз кылып, атайын планын ачыктаган.

Учурда Орусиянын бул эки аймагында тең ыктыярдуу кошуундун мүчөлөрү аскердик даярдыктан өтүп жатканы айтылууда. 2-августта ТАСС маалымат агенттиги Белгород облусунун аймактык коргонуусунда үч миңдей адам бар экенин жана ал жерде жети батальон түзүлгөнүн кабарлады. Бул аймактагы сегиз батальондо үч миңге жакын ыктыярчы бар экенин "РИА Новости" жазды.

Губернатор Гладковдун айтымында, батальондун курамындагылар атайын даярдыктан өткөн. Ошондой эле Орусиянын Коргоо министрлиги менен биргеликте полигондордо утур-утуру машыгууларды өткөрүлүп турат.

Бирок бул эки аймакта канча курал-жарак таратылганы так айтылган эмес.

Орусиялык саясат таануучу Александр Морозов "Настоящее время" телеканалына берген маегинде Украина менен чектеш аймактарда "ыктыярчылар" делген отряддарды куралдандыруу көйгөйү буга чейин эле курчуганын айтат.

"Учурда чыгып аткан маалыматтар президент Путиндин тийиштүү мыйзамдарга тез арада кол коюусуна багытталган деп ойлойм. Анткени айтылып жаткан батальондор мурунку милиция сыяктуу эле иштешет. Алардын колунда курал-жарак жок болчу. Акыркы чыккан маалыматтарга карасак, ыктыярчылар кадимкидей мылтык алып, машыгуудан өтүп жатышат. Курал-жарак колуна берилгени менен алар бир жерде сакталып турат болуш керек. Бирок, албетте, мындай "кыймыл-аракеттер" 22-майда Белгород облусунда тутанган кармаштан кийин күч алганы айдан ачык".

Белгилей кетсек, быйыл 22-майда Белгород облусунда кармаштар жүргөн. Москва украиналык “диверсиялык топ” жапырык жасаганын айткан эле. Киев айыптоолорду четке каккан болчу.

Ал күнү эртең менен Телеграм каналдар жана маалымат каражаттары Белгород жана Харьков облустары чектешкен аймакта жарылуу жана атышуулардын добушу угулуп жатканын кабарлашкан. Рейддер үчүн жоопкерчиликти "Эркин Орусия" деген легиондун жана "Орусиянын ыктыярдуу корпусунун" өкүлдөрү алган.

Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков ыктыярчыларга курал таратуу маселеси кылдат көзөмөлгө алынарын баса белгиледи.

"Албетте, бул чек ара аймагында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жүргүзүлүп жатат. Бул Украинанын аймагынан жасалган кол салуулардын фонунда зарыл болгон чаралар", - деди Песков.

Бул арада 3-августка караган түнү орус армиясы Киевди "Шахед" дрондору менен аткылады. Украин баш калаасынын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко билдиргендей, орус армиясы учурган жанкечти дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.

Украин аба күчтөрү кабарлагандай, 15 "Шахед" жана жети чалгын дрону жок кылынган. Киевде жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Ошондой эле Украианада коркунуч тууралуу эскертүү үч саат тынбай жаңырды. Ушул эле түнү Днепропетровск облусундагы эки районго чабуул жасалды. Анын жыйынтыгында төрт менчик үй жана мектеп талкаланды.

2-августка караган түнү орус армиясы негизинен Одесса жана Киев облустарына абадан чабуул койгон. Одессадагы портторду аткылоодон дан кампалары жана элеваторлор жабыркап, 40 миң тонна буудай жарамсыз абалга келген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG