Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Президент Жапаров Бакиев келсе, камакка алынышы керектигин билдирди 


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу талкууларга пикирин билдирди. Жапаров азыркы бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер келсе соттун чечимине ылайык камаларын айтты.

"Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек", - деди президент.

Ал мурдагы президенттин жакындары жөнүндө суроого жооп берип, Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдер дагы камаларын билдирди. Садыр Жапаров Жаныш жана Максим Бакиевдер өмүр бою эркинен ажыратылгандыктан, сот аларды актабайт деп ишенерин кошумчалады.

15-майда журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан Бакиев 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлигинин тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган.

Мурдагы президенттин маеги коомчулукта нааразылык жаратып, Кадыр Кошалиев Улуттук телерадиокорпорациясынын (УТРК) баяндамачысы кызматынан кетип, кийин Биринчи Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешиндеги төрагалык ордун да өткөрүп берген.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG