Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Тажикстанда оппозиция лидеринин бир тууганы 18 жылга соттолду


Алим Шерзамонов, Европада жашаган тажик оппозиционери.
Алим Шерзамонов, Европада жашаган тажик оппозиционери.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун соту Польшада жашаган оппозиция өкүлү Алим Шерзамоновдун бир тууганы Муслим Шерзамоновду 18 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы билдирди. Алим Шерзамонов соттун өкүмүн "кабыл алынгыс жана бир жактуу" деп атады.

"Мен кайсы кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылганын азырынча билбейм. Биздин Тоолуу Бадахшандагы туугандарыбыз, досторубуз бул тууралуу эч нерсе билишпейт. Биз кыйынчылык менен тапкан адвокат унчукпай отурат. Жакын туугандарыбыз Муслим менен тергөө абагына барып жолугушту, өзүнө дагы кандай кылмыштар боюнча айыпталып жатканын айтышкан эмес" - деди Шерзамонов.

Тажикстандын бийлиги 56 жаштагы Муслим Шерзамоновду "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" деп эсептейт. Ал Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидерлери Хурсан Мазоров менен Зоир Ражабовго каршы “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө кармалган.

Аты аталгандар өлтүрүлүп, соңку башаламандыктарды уюштурууга Бадахшан аймагындагы бейформал лидер Мамадбокир Мамадбокировду, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамоновду жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Алим Шерзамонов бир тууганы 12-июнда суракка чакырылган бойдон келген эмес. Анын ордуна келген күч кызматкерлери үйдөн эки граната, 18 огу менен автомат тапканын айтышкан.

"Суракка чакырылган адам келип таап алышсын деп үйүнө автомат бекитмек беле" - дейт ал.

Анын айтымында, бир тууганы бир дагы топтун мүчөсү болгон эмес жана өлтүрүлгөн Мазоров, Кажабов деген адамдар менен байланышта болгон эмес. Анын камалышынын бир гана себеби - оппозиционердин бир тууганы болгону деп эсептейт ал.

Тажикстандын аталган аймагындагы кырдаал 14-майдан баштап курчуган. Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн.

XS
SM
MD
LG