Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Владимир Зеленскийге Уинстон Черчилл атындагы сыйлык ыйгарылды


Зленескийге сыйлык тапшыруу аземи. Лондон. 26-июль, 2022-жыл
Зленескийге сыйлык тапшыруу аземи. Лондон. 26-июль, 2022-жыл

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 26-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленскийге сэр Уинстон Черчилл атындагы сыйлыкты тапшырды.

Расмий Лондон сыйлык “Путиндин варвардык кол салуусуна туруштук берүүдөгү эрдик, моюн сунбоо жана ар-намыс” үчүн ыйгарылганын билдирди.

Премьердин кеңсесинде өткөн салтанатка Зеленский онлайн катышып, украиндер жана Европанын тарыхы оор күндө жардамга келгендерди эч качан унутпасын айтты. Президент ошондой эле курал-жарак менен көбүрөөк камсыздоого жана Орусияга санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

Кийин ал Телеграм каналындагы билдирүүсүндө “эркиндикти зулумдуктан коргоого көтөрүлгөн украин элинин” аракеттерине таянганын белгиледи.

Сыйлыкка буга чейин ханзаада Чарльз, британ өкмөт башчылары Маргарет Тэтчер жана Жон Мейжор, АКШ мамлекеттик катчылары Мадлен Олбрайт жана Жеймс Бейкер татыган.

XS
SM
MD
LG