Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Борбор Азиядагы азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн бардык багыттар боюнча кеңейтилген кызматташтыкты жактай турганын билдирди. Бул багыттардын бири суу ресурстары экенин, анын көлөмү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кыскарганын айтты.
Мамлекет башчынын айтымында, суу ресурстарын башкаруунун колдонуудагы механизмдери азыркы учурдун реалдуулуктарына жооп бербейт жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандырбайт.
"Кыргызстандын суу ресурстарын топтоо жана сактоо аракеттери ушу кезге чейин өз баасын ала элек. Дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм. Ошондо суунун башындагы өлкөлөр суунун аз болгон мезгилинде дагы бир нече жылдар бою сугат үчүн сууну вегетация мезгилине топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат. Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз, анда суу жана энергетикалык ресурстардын тең салмактуу алмашуусу каралган".
Жапаров Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык өзүн-өзү камсыздоосун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында гидроэнергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүнү жактай турганын белгиледи.
"Биз Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго инвестициялык катышуусун кубаттайбыз. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жазында болгон авария аялуулукту көрсөткөн, ошондуктан Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл", - деди мамлекет башчы.
25-январда үч өлкөдө: Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда электр энергиясынын иштөөсү үзгүлтүккө учураган. Борбор Азия аймагында бирдиктүү энергетикалык система Советтер Союзу тушунда эле түзүлүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жалпы кубаттуулуктагы электр энергиясын пайдаланып келген. Бул шакекчеге чөлкөмдөгү беш өлкөнүн 83 станциясы бириккен. Андагы негизги ролду Токтогул ГЭСи ойногон.
Бирок СССР тарагандан кийин коңшулар ортосунда жаралган пикир келишпестиктен улам ал мурдагы маанисин жоготкон. Натыйжада, Тажикстан менен Түркмөнстан бул системадан чыгып кеткен. (КЕ)