Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Лукашенконун чексиз бийлигин чыңдаган конституциялык реформа


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларуста Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды.

Баш мыйзамдын долбоору Александр Лукашенконун чексиз авторитардык башкаруусун дагы чыңдап, анын 2035-жылга чейин бийликте калуусуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле, президентке өзгөчө кол тийбестикти камсыздайт.

Балатыда айтылган ой

67 жаштагы Александр Лукашенко 27-декабрда президенттин сайтына жана БелТА мамлекеттик агенттигине жарыяланган Баш мыйзамдын жаңы долбоору алдыдагы февралда референдумга коюларын билдирди. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, Лукашенко президент кезиндеги аракеттери үчүн жоопко тартылбайт жана анын ар-намысы менен аброю мыйзам менен корголгон кол тийбестикке ээ болот.

Конституциялык реформа Баш мыйзамдын 148 беренесинин сексенге чукулуна өзгөртүү киргизүүнү көздөйт.

2020-жылы 6-мөөнөткө барган талаштуу президенттик шайлоодон кийинки катаал репрессияларга болгон терс реакциядан соң Лукашенко Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап отурат.

Жаңы долбоор жарыяланган 27-декабрь күнү жаңы жылдык балатыда Александр Лукашенко балалыктын дүйнөсүнө кайткысы келгенин айтып, саясаттан чарчаганын кыйытты:

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

"Президент катары мен үчүн бул жерде болуунун өзү дагы кандайдыр бир чоң белек. Бул бир саамга, кээде өтө эле жагымсыз саясий иштерден алаксып, сиздер менен бирге өзүмдү балалыктын дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө болгон мүмкүнчүлүк. Кыялдарга анан дагы эң башкысы кереметтерге толгон жомоктор дүйнөсүнө баргым келет".

Анткен менен беларус оппозициясы Баш мыйзамдын жаңы долбоору Александр Лукашенкого кайра дагы шайланууга жол ача турганын белгилейт. Анда бир эле адам 5 жылдан 2 жолу президент болот деген чек көрсөтүлдү. Бирок бул чектөө жаңы Баш мыйзам күчүнө кирген күндөн эсептелерин эске алганда, Лукашенко дагы эки президенттик мөөнөт отуруп, 81 жашка чейин өлкөнү башкаруу укугуна ээ болот.

Оппозициянын шарты жана талабы

Жаңы баш мыйзамды кабыл алуу адатта, жаңы президенттик шайлоо дайындоого өбөлгө түзөт.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская жаңы президенттик шайлоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жалгыз шарты саясий туткундарды бошотуу болорун айтты:

Светлана Тихановская. Беларус оппозициясынын лидери.
Светлана Тихановская. Беларус оппозициясынын лидери.

"Эгерде биз жаңы президенттик шайлоо тууралуу сүйлөшө турган болсок, анда анын эң башкы шарты - милдеттүү түрдө саясий туткундарды бошотууну талап кылабыз. Мына ошондой кепилдик болсо, анда биз ким менен болбосун, анын ичинде бийлик өкүлдөрү менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Бирок биз дайыма айтып келебиз. Лукашенко жана анын үй-бүлөсү ээлеп алган ишканалар аркылуу экономикага басым көрсөтүү гана өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн".

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча Беларуста камакта отурган 900дөй адам саясий туткун деп таанылган. Алардын көбү былтыр шайлоодон кийин каршылык акцияларына катышканы үчүн соттолгон. Конституцияга киргизиле турчу өзгөртүүлөр менен толуктоолор ансыз да жетиштүү ыйгарым укукка ээ болбогон беларус парламентин алсыратып, ага окшош түзүмдү жаратты.

Элдик Ассамблея парламент менен катар иштеп, тышкы саясат, коопсуздук жана экономикада кеңири ыйгарым укуктарга ээ болот. Президент мыйзам долбоорлорун демилгелеп, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизе алат. Ошондой эле ал БШКнын мүчөлөрүн тандап, сотторду дайындайт. Анан дагы президент элдик жыйынга мүчө болуп, ага төрагалык кылат. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин бийлиги бир топ кеңейтилген.

АКШ жаңы шайлоо өткөрүүдө Лукашенкону жарандык коом жана оппозиция менен диалогко барууга чакырган. Мурдагы совхоздун жетекчиси Александр Лукашенко 1994-жылы бийликке келип, Беларусту 6 мөөнөт катары менен башкарууда. Эл аралык байкоочулар шайлоо бир да жолу акыйкат жана эркин өтпөгөнүн белгилешкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG